КҮНСОБОЛ: Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктажбы же оппозициягабы?

Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн ар бир президентин бийликте турганында мактагандар көп болот. Бирок ошол эле адамдардын көпчүлүгү президент бийликтен кеткенден кийин аны сындап чыгышат. Бул көрүнүш азыркы тапта деле байкалып жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктажбы же оппозициягабы?" деп собол салды.

СУРАБАЛДИЕВА: "Саясаттын арты менен жакшы көрүнөм деген ээрчиме саясатчылар токтобой жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева саясатка эмес, экономикага көп көңүл буруш керектигин айтты.

“Саясаттын арты менен жакшы көрүнөм, жаман көрүнөм деген эски саясатчылар токтобой келе жатат. Биз муну токтотуп, экономикага көңүл бурушубуз керек. Саясатта пикир келишпестик оюндар болгону үчүн артта калып жатабыз. Ошондуктан жаш саясатчы катары эски саясатчыларга кайрылып, суранам. 25 жылдан бери мамлекетти башкарып келишти. Эми алардын милдети жаш саясатчыларга жол көрсөтүү. Өнүккөн өлкөдөгү саясатчылардын баркы бар. Ошондой эле алар чоң иш-чараларга кеңешчи болушат. Ал эми биздикилер жакшы көрүнүп сүйлөсөм, жакшы бир кызматка ээ болуп калам деген ой менен жашап жатышат. Кыргыз мамлекетинде оппозиция жок болбойт. Бийликке жагынып, жеке кызыкчылыкты көздөп жашабай, мамлекеттин эртеңки келечегин ойлойлу”, - дейт Сурабалдиева.

МОМБЕКОВ: “Өлкө башчыбыз жасалма эмес, жандуу оппозицияга муктаж”

Депутат Рыскелди Момбеков Сооронбай Жээнбеков акылдуу адамдарга эмес, акыйкат адамдарга муктаж деген пикирде.

“Оппозиция президентке кошомат кылып жагынанайын деп же кызмат, устукан алайын деп кыймыл-аракеттерге барып жатабы? Менин оюмча, Сооронбай Шарипович чыныгы күчтүү оппозицияга муктаж. Чыныгы оппозиция болсо, бийликтин чыңалышына өбөлгө түзмөк. Сооронбай Шариповичти жакшы билем, ал ачуу чындыкты бетке айткан адамдарды жакшы көрөт. Андыктан өлкө башчыбыз жасалма эмес, жандуу оппозицияга муктаж”, - дейт Момбеков.

НИЯЗОВ: "Конструктивдүү оппозиция болгону жакшы"

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов кошоматчыларга караганда катуу сындаган оппозициядан пайда көбүрөөк деген пикирде.
“Конструктивдүү оппозиция болгону жакшы. Кошоматчыларга караганда катуу сындаган оппозициядан пайда көбүрөөк. Тагыраак айтканда, кошоматчыларга караганда оппозициянын зыяны азыраак. Тилекке каршы, практикада башкаруучулар кошоматчылар менен өздөрүн ыңгайлуу сезет. Оппозицияны аз укканга көнүп алышат”, - дейт Ниязов.
АКЫЛБЕК: "Бийликке оппозициянын, болгондо да мамлекеттин өнүгүүсүнө өзүнчө көз карашы бар оппозициянын болушу абадай керек"

Саясий серепчи Нурсултан Акылбек бийлик жүргүзүп жаткан саясатка ар дайым альтернатива болушу керек деген пикирде.

"Кеп президентке же премьер-министрге оппозиция болууда эмес, жүргүзүлүп жаткан саясатка альтернативдүү көз караштын болуусунда. Мыйзам боюнча, саясий күрөш парламентте жүрүшү шарт. Өкмөттү түзгөн коалициялык көпчүлүккө каршы оппозициялык азчылык күрөш жүргүзүшү керек, тилекке каршы, андай болбой жатат. Бизде системдик оппозиция кагаз түрүндө бар болсо, чынына келгенде жок. Жалаң эле өз кызыкчылыгын көздөгөн партиялар, бийликке кошоматчылык кылган саясатчылар. Кошоматчылык бир эле системдик оппозицияда эмес, кече курултай көрсөткөндөй системден сыртта калган оппозицияда да уланып келе жатат. Бийликке оппозициянын, болгондо да мамлекеттин өнүгүүсүнө өзүнчө көз карашы бар оппозициянын болушу абадай керек. Антпесе өнүгүү болбойт", - деди ал.

ТУРДУКУЛОВ: "Кошоматчылар буга чейинки президенттерди аңга түшүрүп кеткен"

Жарандык активист Адил Турдукулов президент кошоматчылардан арылышы керек деп эсептейт.

"Президент Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктаж эмес, тескерисинче, ал кошоматчылардан арылууга аракет жасашы керек. Анткени бул анын өзүнө керек. Себеби ошол кошоматчылар мурдагы президенттерди аңга түшүрүп кеткен. Алар президент ката кылса дагы "туура жолдо баратасыз" деген сөздөрү менен адаштырган. Президент оппоненттерине кара пиар жүргүзүп, камап, куугунтуктагандыктан өлкөдө 2 жолу революция болуп, буга чейинки президенттер да жаман атка конгон. Ошондуктан президент кошоматчылардан арылууга муктаж. Курултай боюнча айта турган болсок, Дүйшөбаев, Каптагаев, Бекназаров мурдагы бийликти өздөрү алып келишкен. Эми ага сын-пикир айтып, жамандоо туура эмес деп ойлойм. Оппозиция сөзсүз түрдө керек. Конструктивдүү оппозициянын жоктугу өлкөдө демократиянын жок экенин аныктайт. Ошондуктан 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо бийликчил да оппозициячыл да партиялардын жеңиши туура болот эле деп ойлойм", - деди Турдукулов.

ОШУРАХУНОВА: “Оппозиция бийлик үчүн баланс жасап берет, бирок азыр андай болбой жатат”

Укук коргоочу Динара Ошурахунова оппозиция бийликти сындап турса, баланс сакталарын айтты.

“Кошоматчылар толтура. Ачык сөздөрдү айтып, сындаган оппозиция дайыма керек. Анткени оппозиция гана бийликке баланс жасап бере алат. Бийликтин ичинде баланс болбой жатат. Бир жыл өттү. Баары түшүнүксүз. Ар кандай жумушчу топтор түзүлгөн. Ишке кирип жаткан долбоорлордун жыйынтыгы кандай болорун көрөбүз. Маанилүү маселелер дегенде негизи баарыбыз азыр Бишкектеги кара түтүн жөнүндө сүйлөшүбүз керек. Ушул көйгөйдү чечүү керек. Канча адам жапа чегип жатат. Бийликке ушундай маселелерди жеткириш керек”, - деди Ошурахунова

КАРАСАРТОВА: “Оппозиция күчтүү болуп, бийликти сындап турушу керек”

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, бийликти сындап туруу жакшы көрүнүш.

“Анткени кошоматчылар акча бербесе деле табылат экен. Кээ бирлер бийликти сындаган жеңил деп айтып калышат. Анда сындап көрүшсүн. Тескерисинче, мактаган жеңил. Бул нерсе туура эмес. Бардык күчтүн бир жерге үйүлүп алганынан Кудай сактасын. Тең салмактуулук болуп турса өнүгүү болот. Оппозиция күчтүү болуп, бийликти сындап турушу керек. Бул жакшы көрүнүш. Туура эмес ишти айтып турган оппозицияга ар бир бийлик муктаж”, - дейт Карасартова.

ӨМҮРАЛИЕВА: “Жакында өткөн курултай Жээнбековго кошомат катары уюштурулгандай эле көрүнүп жатат”

Укук коргоочу Калича Өмүралиева президент оппозицияга муктаж деген пикирин билдирди.

“Бийликке чыныгы, эч кандай жаман иштерге малынбаган оппозиция керек. Анткени алар жакшы сунуштарды берет. Мурун бийликте жүрүп эч нерсени кыйрата албагандар эмне сунуш бере алат? Жакында өткөн курултайдын уюштуруучулары оппозиция эмес. Алар бийликте болгон. Биздин мамлекетти ушундай деңгээлге жеткиргендер кимдер? Мен эмесмин да. Курултай Жээнбековго кошомат катары уюштурулгандай эле көрүнүп жатат”, - дейт Өмүралиева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан