КҮНСОБОЛ: Дача-СУ аймагындагы авиакырсык боюнча эмнеге ушул күнгө чейин чекит коюлбай келе жатат?

Эки жыл мурун январь айында түркиялык компаниянын Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов учурда кырсык боюнча тергөө жаңыдан башталганын эле айтып, азырынча эч кандай кенен маалымат бере алышпай турганын билдирди.

Дача-СУга Боинг кулаган кырсык кезинде Алмазбек Атамбаев президент, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер жана комиссиянын төрагасы болуп турган. Алардын ушундай кызматтарды ээлеп турганы азыркы тапта чындыкты билүүгө мүмкүнчүлүк береби? SUPER.KG порталы "Дача-СУ аймагындагы авиакырсык боюнча эмнеге ушул күнгө чейин чекит коюлбай келе жатат?" деген собол салды.

САЛЯНОВА: "Коомчулукта Дача-СУ боюнча Атамбаевге көбүрөөк доомат айтылганы менен расмий жыйынтык чыга элек"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова Атамбаевди убакыт өзү актап жатат деген пикирде.

"Тескерисинче ушул 3 адам дыкат иликтөөдө эң кызыкдар болушу керек эле. Коомчулукта Дача-СУ боюнча Атамбаевге көбүрөөк доомат айтылганы менен, анын кеткенине бир жарым жыл болду, расмий жыйынтык чыга элек. Демек, Атамбаевди убакыт өзү актап жатат. Балким, ошол кездеги бийликтин тиешеси болбогондур, анда коомчулукка ынанымдуу иликтөөнүн жыйынтыктары жеткирилиши керек", - дейт Салянова.

АСКАРБЕКОВ: "Дача-СУ боюнча тергөө иши кайрадан башталып, мени күбө катары чакырса көрсөтмө, маалымат бергенге даярмын"

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков Дача-СУ абдан орчундуу маселе экенине токтолду. "Бул маселе боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдогом. Эң башкы маселе бул биздин мамлекетте ушундай элдин жанын алган кырсык биринчи ирет катталганында. Бул маселе кандай чечилди? Келечекте бизде ушундай кырсыктар боло турган болсо ушул преценденттен мисал алынып, маселе чечилет. Мына ошол ойду комиссияга жана ошол кездеги президентке жеткирип, талап кылып айтып күйүп-бышкан элем. ИКАО жарандык авиациянын эл аралык уюмунун талабына ылайык, аэропортто учак уча турган жолдон 3 чакырым аралыкта адамдар жайгашпаш керек. Дача-СУ кооптуу зонага киргенине байланыштуу учак кулап, адамдар каза болгон. Ал жердин жашоочуларын башка жакка көчүрүү талабы коюлган. Тилекке каршы, ал талап аткарылган жок. Андан тышкары түрк тарабынан төлөнө турган компенсация маселеси дагы ачык бойдон калууда. Ошолордун бардыгын ошол убакта катуу көтөрүп айткам. Бирок бул маселе чечилген жок. Бүгүн дагы маалымат окуп калдым, тергөө иши кайрадан башталыптыр. Мени күбө катары чакыра турган болсо барып, өзүмдүн көрсөтмөлөрүмдү жана маалымат бергенге даярмын. Ошол убакта эл чогулткан акча дагы кандай бөлүштүрүлгөнү бүдөмүк бойдон калып калган. Негизги маселе жана суроолор ачык бойдон калып жатат. Жаңы бийлик, жаңы башкы прокурор, УКМКнын жаңы төрагасы ушул маселеге дагы бир ирет кайтып келип, дыкат карап, бейтарап чечет деген ойдомун", - дейт Аскарбеков.

ТУРДУКУЛОВ: "Дача-СУдагы кырсык боюнча көп нерселер ачыкталбай, баарында күмөн ойлор бар"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдиргендей, Дача-СУ боюнча кырсыкты иликтеген комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги чоң. "Азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев комиссиянын төрагасы болгон. Комиссияга азыркы вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кирген. Алардын жоопкерчилиги чоң. Комиссия иликтеген фактылар аягына чейин чыккан жок. Көп нерселер ачыкталбай, баарында күмөн ойлор бар. Мавлян Аскарбеков дагы Дача-СУнун жашоочуларын Ак Үйгө чейин алып келген. Ал ошол нерсеси үчүн дагы куугунтукталып, ага карата кылмыш иши ачылып, 50 миң сом айып пул салынган. Атамбаевдин убагында дагы, азыркы бийлик дагы эмнегедир ошол жүк кимге таандык экенине кызыкдар эмес. Бул нерсеге сөзсүз түрдө чекит коюлушу керек. Кырсыктан каза болгондордун арбактарына таазим этүү үчүн биз бардык фактыларды ачыктап, элге көрсөтүшүбүз керек деген ойдомун", - дейт Турдукулов.

КАНАТБЕК АЗИЗ: "Боинг кырсыгын иликтөөнүн жыйынтыгында Атамбаев жоопко тартылып калышы мүмкүн"

Юрист Канатбек Азиздин пикиринде, Боинг кырсыгына жана учактагы жүккө Сооронбай Жээнбековдун жана Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси жок. "Бүгүнкү күнгө чейин Боингдеги жүктүн ээси ким экенин жарандар жана азыркы бийлик билбейт. Атамбаев муну айта элек. Ал кездеги транспорт министри жөн эле кагаздарды көрсөтүп коюп “учак май толтуруу үчүн аэропортко конгон” деген, кийин “учак аэропортко жүк ташташ үчүн конгон” деген сөз чыкан. Ошентип жалган жалаа менен бул маселе жабылып унутулуп калган. Бирок бул окуянын жыйынтыгы жана чындыгы азыркыга чейин көтөрүлгөн жок. Ошон үчүн баш прокурор бул маселени көтөрүп, тергөө иштеринин улантканы туура деп ойлойм.
Атамбаевдин мезгилинде “баарын өзүм башкарам, өзүм чечем” деген режимде жашап жүргөнбүз. Ошондуктан Боингдеги жүк боюнча өкмөттөн талап кылуу туура эмес. Бул маселе боюнча Атамбаевдин президенттик администрациясы жооп берип калат деп түшүнөм. Боинг кырсыгына жана учактагы жүккө Сооронбай Жээнбековдун жана Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси бар деп айта албайм. Атамбаев толугу менен жоопко тартылып калышы мүмкүн", - деди Канатбек Азиз.

Учурда президент менен экс-президенттин ортосунда тиреш болуп жатканына бир жылдан ашты. Учактагы жүк Атамбаевдики болгондо, Жээнбеков же анын тарапташы Абылгазиев айтып чыкмак. Абылгазиев баарын ийне-жибине чейин билет. Бул маселеде чоң саясат жатат. Жүк түздөн-түз Атамбаевдики эмес, Орусияда жана Кытайда аткезчилик менен алектенген адамдардын, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болушу мүмкүн. Эгер Абылгазиев жүк тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарып баштаса, көп адамдардын кулактары көрүнүп калат”, - деди Бабакулов.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Дача-СУ боюнча чекит коюуну азыркы бийликтен талап кылышыбыз керек"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мамлекеттик чиновниктердин Дача-СУдагы окуя боюнча маалыматтары бар деген пикирде. "Алардын бул тууралуу билбейбиз дегени бул жомок, окуяны татаалдаштырат. Ушул убакытка чейин трагедиянын ачылбай жатканынын бирден-бир себептери алар өз ара ичтен сүйлөшүп алгандай сезилет. 39 адамдын өмүрү оюнчук эмес да. Бул арбактарды сыйлабагандык. Биз чурулдап жүрө бербей чечкиндүү кадамдарга барып, туура талаптарды коюушубуз керек. Эмнеге чогулуп митинг өткөрбөйбүз? Биз убагында жарандык активисттер бул маселе боюнча митингге чыкканбыз. Кысым көрсөтүүлөр болгон. Дача-СУ боюнча чекит коюуну азыркы бийликтен талап кылышыбыз керек", - дейт Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан