Быйыл 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. 2015-жылы парламенттик шайлоодо 6 партия Жогорку Кеңешке келген. КСДП, "Республика-Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол", "Ата Мекен" партиялары парламентке өтүшкөн. Алардын мөөнөтү бүтөрүнө аз убакыт калды. Жогорку Кеңештеги партиялар элге берген убадаларын канчалык аткарып же аткара алышпаганы коомчулукта кызуу талкууда.
SUPER.KG порталы "2015-жылы парламентке өткөн партиялар убадаларын аткардыбы?" деген собол салды.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Азыр парламентте отурган партиялар шайлоого даярданып, эски ырларын кайра ырдап башташты"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев парламентке өткөн партиялар эч кандай убадаларын аткарган жок деген пикирде.
"Эми алар шайлоого даярдана башташты да, ошол эле эски ырларын кайра ырдап башташты. Ошол эле ырларын дагы кооздоп, көркөмдөп ырдап жатышат. Өзгөчө интернетке чыгып жаткан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жетекчисинин ырын угуп отурсак, булар шайланып келсе эле бейишке чыккандай болуп калабыз. КСДПны көрүп жатасыңар, "Ата Мекендин" лидери соттолуп жатат. Жалпы бардыгы бир дагы убадасын аткарган жок. Бул жерде кээ бир тармактарда эмгек акы бир аз жогорулатылды деген менен алардын шартын төмөндөтүп коюп жатышат", - дейт Чолпонбаев.
МАМАСАЛИЕВ: "Саясий партиялар шайлоо учурунда берген убадаларын аткаруу үчүн бир эле реалдуу жолу бар"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев саясий партиялар шайлоо учурунда берген убадаларын аткаруу үчүн бир эле реалдуу жолу бар экенин айтты.
"Партия парламентке келип, башкаруу коалициянын мүчөсү болуп, өкмөт башчысын өзүнүн фракциясынан дайындаш керек. Ошондо гана саясий партия өзүнүн партиялык программасын жана элге берген убадаларын аткара алат, башка жол жок. Тилекке каршы, бизде премьер-министрдин талапкерлигин жаңы өкмөт түзүлгөндө "7-кабаттан" көрсөтөт. Ошондуктан, өкмөт башчы башкаруу коалицияга эмес, ал "7-кабатка" көз каранды. Мындай түзүлгөн башкаруу системде бир дагы парламентке келген партия өзүнүн программасын эч качан ишке ашыра албайт", - дейт Мамасалиев.
АСАНБЕКОВ: "Алар карапайым элге көптөгөн аткарылбас, популисттик курулай убадаларды беришкен"
Саясий ишмер Темирбек Асанбеков алар убадаларын аткарбаганын айтты.
"2015-жылы өткөн шайлоонун үгүтү кандай убадалар менен уюштурулганын саясатка көңүл бурган адамдардын эсинде болсо керек. Эртеңки саясий жоопкерчиликтерин ойлобой, карапайым элге көптөгөн аткарылбас, популисттик курулай убадаларды таратышкан. Албетте, алардын бирөөсү да аткарылган жок. Ал гана эмес саясий партия катары да өздөрүн сапаттуу деңгээлде көрсөтө албай, ар бир депутат өзүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору баалашты. Ошондуктан шайланган парламент партиялык системде түптөлүп, өздөрүнүн конституциялык укуктарын толук кандуу аткарды деп баа берүүгө болбойт. Парламентте жеке кызыкчылыктын негизинде бириккен мансапкор, амалдуу адамдардын тобу отурат. Депутаттар жогорку деңгээлде өздөрүнүн биримдүүлүгүн, саясий тартиптүүлүгүн далилдеп, партиясынын элге убада кылган саясий-экономикалык, социалдык, идеологиялык принциптеринен четтебеши керек. Бул көрүнүш Кыргыз мамлекетинин парламентинде чыныгы саясий партиялар жок дегенди далилдейт! "Чала молдо дин бузат" дегендей, жалган амалдуу топтордун айынан кыргыз эли партия десе да ордунан так секирип, ишенбей калышты", - дейт Асанбеков.
САРИЕВ: "Парламентте принципиалдуу программа менен иштеген партияны көрө алган жокмун. Ошондуктан партиялардын рейтинги түшүп жатат"
Саясат таануучу Марс Сариев парламенттеги партиялардын рейтинги түшүп жатканын айтты.
"Партиялардын убадаларын эстеп көрсөк, аябай чоң убадаларды беришкен. Убадалардын көбү аткарылган жок. Партиялар программалар менен иштебейт. Принципиалдуу программа менен иштеген партияны көрө алган жокмун. Ошондуктан партиялардын рейтинги түшүп жатат. Көп убада беришти. Ишке ашпай турган долбоорлорду алып чыгышкан. Партиялар идеологиясын кармабай, кызыкчылык, бийлик үчүн иштетишет", - дейт Марс Сариев.
АМАНБАЕВ: "2010-жылы парламентке келген саясатчылар 2015-жылы башка партиялар менен келишкен"
Экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев 2010-жылы парламентке келген саясатчылар 2015-жылы башка партиялар менен келишкенин белгиледи.
"Парламенттин курамы дээрлик 2010-жылдан бери өзгөрүлө элек. Ушул өңүттө алганда 2010-жылы, 2015-жылы парламентке келген партиялар убадаларын аткардыбы деген суроону койсок болот. Парламенттин башында турган партиялар 2010-жылы кыргыз элинин алдында экономиканы өнүктүрүү, Кыргыз мамлекетинин баш мыйзамын түзүп, элдин жашоо-шартын жакшыртуу боюнча чоң мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышты. Алар биринчи кезекте жоопкерчиликсиз бийлик системин түзүп, партиялык, саясий коррупцияны орнотуп, саясий интриганын өлкөсүнө айлантышты. Жумуш орду түзүлгөн жок, карыздар алынды. Алардын бийликке келгенине моралдык акысы жок", - дейт Бактыбек Аманбаев.