КҮНСОБОЛ: Ысык-Көлдө уран казылары сынга алынууда. Бул окуя туризмге терс таасирин тийгизбейби?

Ысык-Көл облусунда жайкы сезонго аз калды. Кыргыз берметине жылдагыдай көптөгөн туристтердин келип эс алары күтүлүүдө. Муну менен өлкөнүн экономикасына салым кошулат. Бирок быйыл Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасындагы маалыматтар туристтерди качырышы мүмкүн. Бул маселе парламентте да көтөрүлүүдө.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Ысык-Көлдө уран казылары сынга алынууда. Бул окуя туризмге терс таасирин тийгизбейби?" деген собол салды.

МАМАТАЛИЕВ: “Ысык-Көлдөгү уран кени боюнча элге туура жана так маалымат жеткирүү зарыл”

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин айтымында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция "Кызыл-Омпол" уран кенин текшериши керек.

“Акыркы күндөрү бул тема элди кооптонткон маселеге айланды. Социалдык тармактарда көп талкууланып жатат. Өткөндө бул маселе боюнча өкмөттүн позициясын билдирүүнү өтүнүп кайрылгам. "Кат түрүндө жооп берилет" деген, расмий жооп келе элек. Бирок бүгүн расмий сайтта өкмөттүн жообу пайда болду. Ал жоопто "UrAsia in Kyrgyzstan" (Кыргыз өлкөсүндөгү ЮрАзия) ишканасына "Кызыл-Омпол" лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ 2010-жылы лицензия берилгени боюнча маалымат айтылат. Мындан сырткары радиоактивдик кумдардын негизги массасы кесиктин (разрездин) жогору бѳлүгүндѳ 25 метр тереңдикте турат деп айтылган. Аны казып, Кара-Балтага алып барып, зыянын жок кылып, кайра алып келинет деген жооп айтылган.

Бул жерде кандай болсо да калкка туура маалымат жеткирүү зарыл. Туристтер эле эмес, биздин жарандар деле урандын таасиринен жаратылыш өзгөрүп, адамга да терс таасирин тийгизерин билишет. Анан мындай турист эмес, башка аймактардын тургундары деле Ысык-Көлгө баруудан кооптонуп калышы мүмкүн. Азыркы тапта элге туура маалыматты жеткирип, эгер зыяны жок болсо тынчтандырып, ал эми зыяндуу болсо анын ишмердүүлүгүн токтотуу керек. Жоопто айтылгандай зыяны жок болсо да, мен Экотехинспекцияга кайрылып, муну текшертүүнү талап кылам”, - деди Маматалиев.

ЖУНУС УУЛУ: "Балыкчыдагы катуу шамал радиацияны шаарга дароо жеткирет"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулунун айтымында, "Ысык-Көлдө "Кызыл-Омпол" уран кенине жакын жайгашкан айылдын тургундары митингге чыгып, кенди жабуу талабын коюуда. "Комиссия "кен жаӊы технологиянын жардамы менен казылып жатыптыр, анын айлана-чөйрөгө зыяны жок" деген тыянак чыгарган. Бирок уран казылып жатса кантип анын зыяны болбойт? Кандай гана болбосун, радиациянын фону жогорулабай койбойт да.

Балыкчы шаары уран кенинен 20-25 чакырым аралыкта турат. Ал жерде кандай катуу шамал болорун жакшы билесиздер, радиацияны дароо жеткирет. Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө келери же келбеси белгисиз. Кайсы бир ишкананын утурумдук кызыкчылыгы үчүн экологиялык алааматка кабылбасак болду. Өкмөт маанилүү маселеге көӊүл буруп, ал ишкананын эл аралык уюмдардан алган уруксаты бар же жок экенин текшерип, тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деди депутат.

РЫСПАЕВ: “Урандан өлүп калабыз” деп ызы-чуу кылбай, биринчи адистердин оюн угуу керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев уранды жаңы технологиялар менен казса болот деген пикирде.

"Урандан өлүп калабыз деп ызы-чууну көтөрбөй биринчи тиешелүү адистердин, экологдордун берген аныктамаларын алуу зарыл. Бул тема боюнча жакшы түшүнгөн, анын кесепетин же артыкчылыгын мыкты билген адистердин оюн угуу керек. Жаңы технологиялар менен, урандан зыян чыкпагандай кылып казса эмнеге болбойт? Ошондуктан түшүнбөй эле ызы-чуу кылуунун кереги жок.

"Бала бакча куруу, мугалимдердин айлыгын көтөрүү, пенсионерлердин пенсиясын көбөйтүү керек" деп кыйкырабыз, анан эч нерсе иштеткибиз келбесе акчаны кайдан алабыз? Туризм менен байып кете тургансып ызы-чуу болобуз, аны мамлекет өнүктүрүшү керек. Биз азыр кыйкырык-өкүрүктүн үстүндө эле болуп жатабыз. Мына азыркы учурда күйүүчү майдын баары аткезчилик жолу менен келип жатат, кыйкырбай андан көрө таза күйүүчү май колдонууга өтүү зарыл. "Урандан өлүп калабыз" дебей, күйүүчү майдын, ЖЭБдин абага бөлүп чыккан зыяндуу заттардын кесепетине көңүл буруу керек”, - деди Рыспаев.

БУЛЕКБАЕВ: "Кайсы жерде кен казуу иштери жүрсө, баары бир табиятка таасир этет"

"Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Булекбаевдин пикиринде, Ысык-Көл облусунда уран казуу туризм тармагына терс таасир тийгизиши мүмкүн.

"Эгер бул кен казыла баштаса, Чернобылдай радиация болушу ыктымал. Кайсы жерде кен казуу иштери жүрсө, ар дайым табиятка таасир этет. Мындан улам адамдын саламаттыгына таасири тиет. Табигый ресурстар - бул материалдык байлык, ошон үчүн ар дайым ал үчүн күрөш болот", - деди Булекбаев.

ШҮКҮРОВ: "Ысык-Көлдө жаңы уран кенин казуу - бул түздөн-түз мыйзам бузуу"

Эколог Эмил Шүкүровдун айтымында, уран кенин өндүрүүчүлөр элди алдап жатышат. "Мыйзам боюнча, Ысык-Көл - бул биосфералык аймак, ошондуктан бул жерде кошумча тоо-кен иштерине тыюу салынган. Буга чейин казылган кендерде иштерди уланта берсе болот, ал эми жаңыларды иштетсе болбойт. Анткени эгер жаңы кен казыла баштаса, "биосфералык аймак" статусун бузуу болуп саналат. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу.

Экинчиден, "уран башка жакка жеткирилет, мындан улам булгануу болбойт" деп жатышат. Мунун баары жалган, анткени уранды алып ташууда кырсыктар болушу мүмкүн. Эгер кырсык болсо, айлана-чөйрө радиоактивдик заттар менен булганат. Кен казылып жатканда, алар урандын өлчөмү жогору породаларды гана алып кетишет. Ал эми калган радиоактивдик породалар калдык сактагычта жайгаштырылат. Бул радиоактивдик калдыктар кантип гана корголбосун, баары бир сууга жана абага жетет.

Эртели-кеч уран кенин иштетүү токтойт. Андан кийин Ысык-Көл радиоактивдүү булгануусу жогору аймакка айланат. Бул жерде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларына суроо-талап кескин азаят. Эс алуучулар да Ысык-Көлгө барбай калышат", - деди Шүкүров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан