КҮНСОБОЛ: "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, жол кырсыктары азаят деп ойлойсузбу?

Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында видеобайкоолор күз мезгилинде коюларын айтты. Учурда Бишкек шаарында 4 видеобайкоо бар. Аталган долбоор ишке ашса, жол кырсыктары азаябы? Бул суроонун негизинде SUPER.KG порталы собол салды.

ЗУЛПУКАРОВ: "Бир гана видеобайкоолорго ишенбеш керек"

КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров аталган долбоор ишке ашса, жол кырсыктары азаят деген үмүтү бар экенин белгиледи.

"Эгерде жол кырсыгы азайбаса, аталган долбоорду ишке ашыруунун эмне кереги бар? Бирок бир гана видеобайкоолорго ишенбеш керек. Ички иштер министрлиги да иш алып барышы керек. Аталган министрликтин акыркы реформалары өзү дагы туура эмес болуп калган. Жол коопсуздук кызматынын аттарын өзгөрткөн.

10 жылдын ичинде бизде жол кырсыгынан өтө көп адам каза болгон. Ошондуктан видеобайкоо орнотуунун талаптары күчөп кетти. 2004-2014-жылга чейин 10 миң 167 адам каза болуп, 61 миң 500 адам жаракат алган. Мындайча айтканда, согуштун учурунда дагы мындай болгон эмес. "Коопсуз шаар" долбоору керек", - деген пикирде Зулпукаров.

РЫСАЛИЕВ: "Коопсуз шаар" долбоору техника болгондуктан артыкчылыгы да, кемчилиги да бар"

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев "аталган долбоор менен коррупция жоюлбайт" деген сөздөр туура эле айтылып жатканын билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоору бул техника да, бир нерсени шыбырап айта албайт, маалымат бере албайт, ал адам эмес. Техниканын артыкчылыгы да бар, кемчилиги да бар. Адамдан амал качып кутулбайт дегендей коррупция жоюлбай калышы мүмкүн. Ал эми жол кырсыктарынын азайышы күтүлөт", - деди Рысалиев.

АЙБЕК МЫРЗА: "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, айдоочулар этияттап айдап калышат"

Жарандык активист Айбек Мырза "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, сөзсүз түрдө жол кырсыгы азаят" деген пикирде.

"Жол коопсуздук кызматкерлери коррупцияга малынгандыктан жарандар 200-300 сом менен кутулуп кетем деген ой менен тобокелге барып, жол эрежесин буза беришет. Видеобайкоо орнотулуп, 1 миң сомдон 2-3 жолу айып пул келсе, айдоочулар эсине келет. Күнүнө 4 жолу жол эрежесин бузуп, 4 миң сом айып төлөсө, сөзсүз түрдө айдоочулар автоунааларын этияттап айдап калышат", - дейт Айбек Мырза.

БОКОЕВ: "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, айып пулдар чөнтөккө эмес, казынага түшөт"

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев аталган долбоор ишке ашса, жол кырсыгы азаят деген оюн айтты.

"Коопсуз шаар" долбоорун 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтү демилгелеп чыккан, бирок ал кызматтан кеткендигине байланыштуу программаны ишке ашыра албай калган. Менин оюмча, бул долбоор абдан керек, сөзсүз түрдө жол кырсыктары кыскарат. Мындан тышкары жол коопсуздук кызматкерлеринин санын кыскартса болот. Долбоор ишке ашса, жолдо пара алуу азаят. Бардык айып пулдар чөнтөккө эмес, казынага түшөт. Жолдо жүргөндө жөнөкөй айдоочу да, чоңдор да айып пулду бирдей төлөйт, анткени видеобайкоого "корочка" көрсөтө албайт", - деди Бокоев.

ЖАМАЛДИНОВ: "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууну тездетиш керек"

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов долбоор ишке ашса, жол эрежелерин бузгандардын саны азаят деген ойдо.

"Бишкек-Ош унаа жолу жана башка жолдордо эреже бузуулар көп болгондуктан кырсыктар болуп жатат. Видеобайкоолор керектүү жерге орнотула турган болсо, биринчи жолу байкабай мыйзам буза турган болсо, айып пул төлөгөндөн кийин экинчи жолу эреже бузбай калат. Ошондуктан долбоорду ишке ашырууну тездетүү зарыл", - дейт Жамалдинов.

ИБРАГИМОВ: "Коопсуз шаар" долбоору бардык кырсыктардан куткаруучу каражат эмес"

Жарандык активист Болот Ибрагимов аталган долбоор бардык кырсыктардан куткаруучу каражат эместигин айтып, бирок видеобайкоо орнотулса жол кыймылынын эрежелерин бузгандар бир кыйла кыскара турганын билдирди. "Бирок ошол эле учурда көптөгөн маселелер бар. Мамлекеттик номурларды жашыруу, эреже бузуу боюнча чечим кабыл алууда адамдык фактор болушу мүмкүн. Мындан тышкары камераларды көзөмөлдөө эң коррупцияланган делген мекемеге берилиши ыктымал", - деди Ибрагимов.

ЖАПАРОВ: "Коопсуз шаар" долбоору тууралуу көп сөздөр айтылып, бири дагы жасалган жок"

"Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров бул долбоор ишке ашса, жол кырсыгы эле эмес, көчөлөрдөгү мыйзам бузуулар 85-90 пайызга кыскарат деп белгиледи.

"Жол кырсыктарын азайтканга аракет кылуу зарыл. Долбоор ишке ашса чоң-чоң шаарлардын көчөлөрүндөгү мыйзам бузуулар 85-90 пайызга тыйылат. Туризм жаатын дагы коопсуздук менен камсыз кыла албай жатабыз. Бул долбоор ишке ашса алардын коопсуздугу сакталмак", - деди Жапаров.

МАМАШОВА: "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырган өлкөлөрдө жол эрежелерин бузгандар аз"

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова аталган долбоор ишке ашса жолдордо тартип орнотулмак деп билдирди.

"Тилекке каршы, жарандар айып пул төлөгөндөн кийин эреже бузбай калат. Ошон үчүн бул долбоор ишке ашканда сөзсүз түрдө тартип болот. Дүйнөлүк тажрыйбаны карасак, Казакстандын Алматы шаарында видеобайкоолор орнотулгандан кийин жол эрежесин бузгандар азайган. Ошондуктан тез арада долбоорду ишке ашыруу зарыл", - дейт Мамашова.

ӨМҮРАЛИЕВА: "Жол эрежесин бузгандардын жоопкерчилиги каралбай жатат"

"Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса айдоочулар тартипке үйрөнөт.

"Анткени айып пулдар үйүнө келип баштайт. Коррупциялык системдер пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан долбоорду жакшы мыйзамдаштырыш керек. Видеобайкоо орнотулган өлкөлөрдө жол кырсыгынын саны биздикине салыштырмалуу аз", - деди Өмүралиева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан