КҮНСОБОЛ: "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө кандай таасир тийгизмек?

8-январга караган түнү Иран мамлекети АКШнын Ирактагы "Аль-Асад" аскердик базасына ракеталык-бомбалык сокку жасады. Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу чабуул жасагандан кийин, АКШны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик базаларын чыгарып кетүүгө чакырган. Ракеталык-бомбалык сокку 30дан ашуун ирет болду. Мындай сокку генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин чабуул жасаган тарап билдирген.

Кыргыз мамлекетиндеги “Манас” эл аралык аэропортунда АКШнын аскердик базасы 2001-жылы ачылган. 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда жаңы келишим түзүлүп, мурдагы "Манас" аба базасынын аталышы жөн гана транзиттик борбор болуп өзгөртүлгөн. Келишимге ылайык, борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктаган. Алмазбек Атамбаевдин убагында бул келишимди узартуудан баш тартылып, америкалык база өлкөдөн чыгарылган.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө кандай таасир тийгизмек?" деген собол салды.

МАМАСАЛИЕВ: "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө жаман таасирин тийгизмек"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө каалабаса да аралашып кетмек деген пикирде. "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө жаман таасирин тийгизмек. Себеби ушул жердеги жайгашкан ракеталык-бомбаны биздин борбордон алып барып ошол жакка таштамак. АКШ-Иран чыр болгон жерге каалабасак да аралашып кетмекпиз. Ушундай болорун башынан айтып келгенбиз", - дейт Масалиев.

МАМАСАЛИЕВ: "Биздин өлкөбүзгө эч кандай таасир тийгизмек эмес"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиевдин айтымында, АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры биздин өлкөбүзгө эч кандай таасир тийгизмек эмес.

"Кыргыз мамлекети менен Ирандын бүгүнкү күндө абдан жакшы жана тыгыз дипломатиялык мамилеси түзүлгөн. Эскертип кетейин, Ирандын президенти Хасан Рухани былтыр 13-июлда Бишкекке ШКУнун саммитине келип президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп кеткен. Андан тышкары, Хасан Рухани Кыргыз мамлекетинде иш сапары менен үч жолу болгон, ортобузда бир топ маанилүү экономикалык жана эл аралык келишимдерге кол коюлган. Ошонун баарын эске алганда "Манас" аэропортунда АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры биздин өлкөбүзгө эч кандай таасир тийгизмек эмес. Дагы бир маселени эске алышыбыз керек Кыргыз мамлекети Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчөсү, өлкөбүздө аталган уюмдун аскер авиабазасы жайгашкан", - дейт Мамасалиев.

КАРАШЕВ: "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда АКШ-Иран чыры боюнча тынчсыздануу болмок"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда АКШ-Иран чыры боюнча тынчсыздануу болмок деген оюн айтты.

"Манас" аэропортунан АКШнын аскердик базасы чыгарылгандан кийин учурдагы АКШ-Иран чырынын тийгизген таасирин айтуу кыйын. Иран башка жакта болуп жатат. Мүмкүн кандайдыр бир кооптонуу болмок. Бирок бир нерсе болуп кетмек деген ойдон алысмын. Ирактагы окуяны көрүп тынсыздануу болсо керек", - дейт

КАЗАКБАЕВ: "Иран тарап мурда эле Кыргыз мамлекетине АКШнын аскердик базасын чыгарып салуу боюнча айтып келишкен"

Саясий серепчи Марат Казакбаев Иран тарап мурда эле Кыргыз мамлекетине АКШнын аскердик базасын чыгарып салуу боюнча сунушун айтып келгенин билдирди. "Манас" аэропортунда АКШнын аскердик базасы ачылганда эле Иран тарап базаны чыгарып салуу боюнча айтышкан. Курч абал болуп калса Иран ракеталык сокку жасаса америкалык базаларды атып баштайт. Кыргыз мамлекетинде база тура берсе булар сөзсүз ракеталык сокку жасашмак. Бир заматта сокку кылбайт эле. АКШнын аскердик базасы эмнеге турат деп айтышмак", - дейт Марат Казакбаев.

МОЛДАЛИЕВ: "Кыргыз мамлекети Иран менен мамилеси жакшы эле өнүгүп жатат. АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө эч кандай таасир тийгизмек эмес"

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө эч кандай таасир тийгизмек эмес деген оюн айтты.

"Ирактагы аскердик базасына сокку жасалганы башка кеп. "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарыла электе Иран аткылап салат деп коркутушчу. Биздин Иран менен мамилебиз жакшы. Аскердик база биздин аймакта болгондон кийин Ирактагы базадай кылып сокку жасалбайт эле. Ирактагы абал башка, ал жакта согуш жүрүп жатат. Аларга силердин базаңарга сокку болот деп эскерткен. Нааразычылыктар күчөп кетсе коркунуч болушу мүмкүн болчу. Азыркыдай абалда өтө чоң коркунуч болбойт. Биздин Иран менен мамилебиз жакшы эле өнүгүп жатат", - дейт Молдалиев.

Алмаз Тажыбай: "Ганси Кыргыз өлкөсүнүн аймагында калган шартта деле АКШ-Иран чыры бизге таасир бере алмак эмес"

Саясий серепчи Алмаз Тажыбай Иран тараптан Кыргыз өлкөсүнө коркунуч жаралбайт деген пикирде.

"Эч кандай таасир тийгизе албайт. Денонсация бул Атамбаевдин пропагандасы болгон. Ал элди манипуляция кылып коркутуп туруп АКШнын аскердик базасын чыгарууга барган. Себеби ага Орусиянын президенти Владимир Путин тараптан басым болгон да. Бийликке келерде дагы Орусияга АКШнын базасын чыгарам деген убада менен келген. Эмнеге Кыргыз өлкөсүнө таасири тийбейт? Биринчиден, Иран менен Кыргыз мамлекетинин ортосу 2 883 чакырым. Ирандын "Шахаб-3" делинген баллистикалык ракетасынын максималдуу учуу аралыгы 850 чакырымды түзөт. Бул ракеталар орточо учкан ракеталарга кирет. Иранда алыска уча тургандары жок. Экинчиден, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнө коркунуч жарала турган болсо, "Шахаб-3" баллистикалык ракеталары Өзбекстан, Тажикстан аймагы аркылуу учат. Бул өлкөлөрдүн дагы аба коргоо системдери бар, ошолор аркылуу жок кылууга мүмкүнчүлүгү бар. Учурда Атамбаевге рахмат айтып жаткандар анын эле тарапташтары. Себеби Ганси Кыргыз өлкөсүнүн аймагында калган күндө деле, алар коопсуздукту камсыздай алмак. Мындан тышкары, биз ЖККУнун мүчөсүбүз", - дейт серепчи Алмаз Тажыбай.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан