Сапар Исаков сурактан чыкты, бирок саат 14:30да кайра келмей болду

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук комитетинин сурагынан чыкты. Ал бүгүн, 14-майда саат 10:00 чамасында УКМКга кирип, 3 саат суракта болду.

"Тергөө так өттү, бир-эки нерсени тактап жатышат. Баары акыйкат чечим чыгарыш керек. Саат 14:30да кайра суракка келишим керек экен", - деди журналисттерге Исаков. Мындан тышкары ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып депутаттык комиссия адилетсиз чечим чыгарганын айтты.

Буга чейин УКМКнын имаратына суракка кирип баратып, ал "саясий куугунтук болуп жатат" деп журналисттерге айткан.

Эске салсак, 26-апрелде Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКга эки саат сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп Исаков журналисттерге билдирген.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Сапар Исаков экинчи ирет сурак берди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан