Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин Биринчи Май райондук сотун Кулматовду 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу боюнча чечим чыгарган.
Айта кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын УКМКдан маалымдашкан.
Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.