Кубанычбек Кулматовдун Кыргыз жарандыгын жараксыз деп табуу боюнча сот 25-сентябрда башталат

Кубанычбек Кулматовдун Кыргыз жарандыгын жараксыз деп табуу боюнча соттук процесс Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 25-сентябрда башталат. Бул тууралуу анын жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган деп тапкан. УКМКнын пикири боюнча, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. "1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылдары жаңылаган", - деп билдирген УКМК.

Жактоочу Слесарев Кулматовго "Орусиянын жараны болуп туруп 1990-жылдары Кыргыз жарандыгын алган" деп иш козголгонун айткан. "Эгер ал чын эле ушундай кылган болсо, мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен, Кулматовго тагылган берененин мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейин гана. Ал эми учурда ортодон 20 жылга жакын убакыт өтсө дагы иш мыйзамга карабай козголууда", - деген Слесарев.

Эске салсак, 18-июнда Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып, соттук отурумдун жүрүшүндө прокурор Кулматовго карата дагы башка кылмыш иши козголгонун айткан. УКМК бул маалыматты тастыктап, Кулматовго экинчи кылмыш иши 14-июнда "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен козголгонун билдирген.

Буга чейин Кубанычбек Кулматовго "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан