Бишкек ЖЭБдеги модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганын УКМКнын басма сөз кызматы 8-январда кабарлады.
Анда тергөөнүн жыйынтыгында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийликтеги ыйгарым укуктарынан пайдаланып кытайлык TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келбеген келишим түзгөнү аныкталган.
Анын жыйынтыгында мамлекет жалпы 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тарткан. "Тактап айтканда, 2010-жылдын февраль айында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Байланыш кызматынын жетекчиси Сапар Исаковдун катышуусунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо маселеси каралып, Дүйнөлүк банк 150 миллион доллар жана ТВЕА компаниясы 200 миллион доллар сунуш кылган. Жыйынтыгында ТВЕА компаниясынын сунушун кабыл алуу боюнча чечим чыккан.
Бирок Сапар Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда долбоорду ишке ашырууну өз көзөмөлүнө алып, 386 миллион долларга бааланган долбоорду ишке ашыруу укугун ТВЕА компаниясына берген. Бирок ТВЕА компаниясынын бул багытта тажрыйбасы жоктугуна көңүл бурган эмес. Долбоорду ишке ашырууга коротулчу акча Кытайдын ЭКСИМ Банкынан насыя катары 2 пайыз жылдык үстөк менен 20 жылга алынган. Насыя 2014-жылы алынып, андан бери Кыргыз өлкөсү Кытайга 22 миллион 814 миң 328 долларды төлөп берди", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда айыпталуучулар жана алардын жактоочулары козголгон кылмыш иштин материалдары менен таанышып жатышат. Алар таанышып чыккан соң материалдар Башкы прокуратура менен сотко өткөрүлүп берилет.