Кулматовдун баш коргоо чарасы жабык эшик артында карала турган болду. Сот уланууда

Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын жабык эшик артында кароону чечти. Учурда соттук процесс уланууда. Сыртта Кулматовдун 50гө жакын тарапташы чечимди күтүүдө.

Буга чейин 5-июнда аталган сот Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, 28-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын УКМКдан маалымдашкан.

Эске салсак, бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан