Астротөлгө: 28-июнь күнү төрөлгөндөр сезимди акылдан жогору коюшабы?

28-июнь күнү төрөлгөндөр эмоцияны акылдан жогору коюп, алардын жашоо стили тынымсыз аракет менен байланышкан. Ак ниеттүүлүгү, даанышмандыгы жана тамашакөйлүгү менен ар дайым кесиптештеринин, жакындарынын жана досторунун арасында кадыр-баркка ээ.

Жаркылдап киши көңүлүнө кир түшүрбөй, жаңы таанышкан адамдарды да бат эле жылуу-жумшак сөзгө тартып, баарлаша алат. Күтүлбөгөн жерден мүнөзүн өзгөртө калып, ага өздөрү да көнө баштайт.

Көпчүлүктүн башын бириктирип, мыкты жетекчи боло алат. Каршы чыгып, чечимине макул болбогондорду сабырдуулук менен чыдамын түгөтүп жеңет. Ошондуктан бул күнү төрөлгөндөр түрдүү чөйрөдө лидерликти өз муштумунан коё бербейт, ал эми үй-бүлөдө өнөктөшүн сыйлап ага жол берет, бирок көмүскө аракеттерди жасоону уланта берет.

Жумуш учурунда тынчтыкты жактырышат, бирок кесиптештеринин кызыктуу маектерине кошула калып күтүлбөгөн жерден чөйрөнү шаңга бөлөй алат. Келбеттүүлүгүнө, тамашакөйлүгүнө көңүл бурбагандарды түшүнө албай убара болушат. Бул күнү төрөлгөндөр эң мыкты психологдор болуу менен кишинин оюн билүү үчүн анын ордуна өзүн коюп көрүүгө даяр. Достору, санаалаштары кеңеш сурап кайрылышат.

Эмоциясы түркүн ойлорго жетелеп турган мындай адамдардын үйүн жомоктогудай деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Себеби бул күнү төрөлгөндөр үйүндө ашыкча мык кармабайт, так калтырбай таза жашаганды жактырышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан