Бишкек шаардык соту экс-мэр Албек Ибраимовду камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырганына анын тарапташтары нааразы болууда. Жактоочусу Сергей Слесарев мындан улам Жогорку Сотко арыз менен кайрыла турганын билдирди. Анын айтымында, шаардык сот бүгүнкү чечими менен сот системинин өтө начарлап кеткенин дагы бир жолу далилдеди.
"Мыйзамга ылайык, шаардык соттун чечимине нааразычылык билдирип 5 күндүн ичинде Жогорку Сотко арызданса болот. Биз бул кадамга барабыз", - деди жактоочу.
19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Анын жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган.
Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калтырган.
13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.