"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылышты. Жактоочу Таалайгүл Токтакунованын айтымында, өтүнүч арызы Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотуна берилген.
"Бул өтүнүчтү кароо 29-августка белгиленди. Анда Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы гана каралат", - деди Токтакунова.
21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.
3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.