Казакстандын соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камакта калуу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка караганда, Казакстандын Алматы шаардык соту 9-августта Асылбек уулунун камактагы мөөнөтүн 2 айга, тагыраагы, 15-октябрга чейин узартты.
19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен, бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан. Буга байланыштуу иликтөөлөрдүн натыйжасында Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган.