Адвокат: "Камакта Сапар Исаков 60 килограммдык штанга менен машыгууда"

 9-август, Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын кароо учуру“Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун абалы жакшы. Ал камакта жумасына 2 жолу спорт менен машыгууда” деп анын адвокаты Замир Жоошев SUPER.KG порталына билдирди.

Адвокаттын айтымында, ал мурдагы өкмөт башчы менен 5 күн мурун жолугуп чыккан.

Адам темир тор артына түшкөндө моралдык жактан ар кандай кыйынчылыкка дуушар болот эмеспи. Көңүлү чөгөт, өзүн таштап жиберет. Ал эми айрым адамдар өзүн кармай алат. Сапар Исаков духу күчтүү адам экен, өзүн жакшы алып жүрөт. Камакта ал аптасына 2 жолу спорт менен машыгып жатыптыр. Өзүнүн айтымында, башында 25 килограмм салмактагы штанганы жатып алып көтөрсө, азыр 60 килограммдык салмакты көтөрүп жатыптыр”, - деди адвокат.

Ошондой эле ал тергөөчүлөр Сапар Исаковдун күнөөсүн далилдей албай жатканын айтып, 2 ай ичинде күнөөсү далилденбеген адам үй камагына чыгарылышы керек экенин айтты.

“Тергөө учурунда Сапар Исаковдун күнөөсү далилденген жок. Эгер күнөөсү далилденбесе анда аны камакта кармоого негиз жок. Аны үй камагына чыгарып, калган тергөө иштерин кандай жүргүзөт, үйүнө барып жүргүзөбү ал тергөөчүлөрдүн баш оорусу болушу керек. Күнөөсү далилденбеген адамды камакта кармоо мыйзамга каршы келет” деди Жоошев.

Бүгүн, 29-августта Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
dinar-87
2018-08-29 13:52:40
Сапардын куноосу жок аз эле убакыт иштеди Сапарды колдонуп кетишти .
-15
futboler
2018-08-29 14:12:36
Чыксам бачагыңарды чыгарам деп жатса керек да
+8
anonymous
2018-08-29 14:15:25
Штанга көтөртпөй көчө шыпыртканда пайда болмок
+7
bond02
2018-08-29 14:27:50
Черный болуп чыгат го эми.
-4
Rasul94
2018-08-29 14:31:46
Качок болуп чыкпаса болду эми
-3
ady-88
2018-08-29 14:33:07
Эми Сапар красавчик положенец же сизонун смотрящий болуш эле калды.
-3
titanik32
2018-08-29 14:46:30
Түрмө эмес эле спорттук секцияга катышып жаткан го.Эмнегедир көңүлү жайлады окшойт,кылган кылмыштарымы биле албай жатышат деп.100кг штангы бергиле биротоло басылып тынч жатсын.Бул ушунчалык хитрый экен,кылган кылмыштарын жымсалдап бекитимиш болуп жүргөн да.Тренировка кыла берсин штанга менен,качан гана Шварценегердей качок болгондо чыгаргыла.
+1
al-abu-kinesz
2018-08-29 14:53:12
Мотуштан Сапаш кем бекен?!
-4
Alixan-Nookat.2015
2018-08-29 17:29:23
Кыргызстанда олимпиада оюндары өткөрүлө турган жылдан бир жыл алдын чыгарсанар оор атлетика боюнча чемпион болот, ошого чейин камакта отура берсин анда.
+2
anonymous
2018-08-29 19:42:01
Токиодогу оюндарга даярдана берсин
0
neizvesnyi
2018-08-29 20:19:41
anonymous, жанагы чампактар шейшепти труса кылып ороп алып курсагы менен сузушо беле?
+2
kyrgyzman
2018-08-30 00:24:44
Бул Сапаң эми түрмөдөгүлөрдү коррупциялаштырып жибербесе болду, өтө чебер го андайга.
+2
aydinnur
2018-08-30 10:55:18
Сапар Исаков чыгат акталып кудай буюрса!
-1
Erik2018
2018-08-30 12:03:31
Албетте, спорт менен машыгуу жакшы нерсе. Бул жагынан Сапар мырзаны ийгилиги менен куттуктап койсок болот. Себеби, мурда спорт менен такыр достугу жок жүрүп эле, анан 25 килограмм штанганы түртүп баштап, эки ай ичинде анын үстүнө 35 килограмм салмакты кошуп түртүп калуу – чоң ийгилик. Мындай темп менен бара берсе, анда жакынкы айларда 100 килону түртүп калышы кеп эмес. Андан ары деле катуураак аракет кылса, спорттун мастерлигин алса болот.
-1
tnz
2018-08-30 12:05:26
иии туура кылат ошентип машыгып журсун эми себеби дагы он жыл отура турган болсо кантет андан коро ошентип спорт менен машыгып турсун озуно эле пайдалуу болот.
0
Altun76
2018-08-30 22:12:25
Эл канчалык кыйналгандын чекесин коруп жатасын,талаада мигрант болуп иштеп жургон жарандын жашоосун эми коруп жатасын,чыныгы турмону бирин корбой жатасын урматтуу кыргыздын карыскерлери.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан