Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-мэр Кубанычбек Кулматовду тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 2019-жылдын 31-январына чейин узартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
"Жактоочулар иштин материалдары менен таанышып алуусу үчүн тергөө мөөнөтү жана Кулматовду тергөө абагында кармоонун убактысы 2019-жылдын 31-январына чейин узартылды. Иш сотко өтө элек", - деди жактоочусу.
Жогорку Соттун соттук коллегиясы 27-декабрда Кулматовду 31-декабрга чейин абакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун токтомун жана шаардык соттун аныктамасын күчүндө калтырган.
Окуянын чоо-жайы:
18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган.
5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.
14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, ал "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде ачылган. УКМК Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп маалымат тараткан. Кубанычбек Кулматов ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.