Жактоочу: "Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевге карата чыккан чечимди эки жумадан ашык убакыттан кийин берди"

"Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевге карата чыккан чечимди эки жумадан ашык убакыттан кийин берди", - деп бүгүн, 13-декабрда SUPER.KG порталына жактоочу Канатбек Азиз билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Сот чечимди 8-декабрда беришкен. "Биз Жогорку Сот чечимди бербей жатат деп кайрылуу жасагандан кийин берди", - деди ал.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясы жана Текебаевдин жактоочулары Өмүрбек Текебаевге жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Жогорку Соттун чечимдери берилбей жатканы боюнча билдирүү тараткан.

Айта кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан