Бишкектеги Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде абанын булганышы нормасынан жогору

Бүгүн, 21-апрелде саат 8:00гө карата Бишкектин көпчүлүк аймактарында абанын булганышы нормасынан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 28 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 39).

Чыгыш-5 кичи району – 12 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 24).

Көк-Жар кичи району - 6 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 27).

7-кичи район - 5 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 26).

"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurbelek.
2019-04-22 08:11:25
Эмнеге башка өлкөлөрдүн шаарлары норма эледа, биздикилер эле переживать эте беришет? Мисалы москвада 10 млн ашык эл жашайт норма элего аларда.
0
omurbek1990
2019-04-22 10:55:52
Nurbelek.,ишенбей калдым ушуга. Жамгыр деле жаап атат. Кече дем алвш кун машина аз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан