Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарынын Ак-Өргөө конушунда абанын булганышы нормасынан дээрлик 7 эсеге ашып кетти. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин 6 жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Ак-Өргөө конушунда учурдагы көрсөткүч - 168 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 140). Бул нормага ылайык көрсөткүчтөн 5,44 эсеге жогору. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда сутка ичинде орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши - 88 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 81)
Чыгыш-5 кичи району - 87 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 69)
Бөкөнбаев көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши - 81 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 74)
Көк-Жар кичи району - 78 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 59)
7-кичи район - 47 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 45)
"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.