Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аягына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, сот иши январдын аягында башталышы мүмкүн. Буга чейин Кулматовго "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кулматовду тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 2019-жылдын 31-январына чейин узарткан.

Окуянын чоо-жайы:

18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган.

5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.

14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, ал "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде ачылган. УКМК Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп маалымат тараткан. Кубанычбек Кулматов ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан