Кечээ, 2-октябрда жергиликтүү телеканалдардын бири экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы Икрамжан Илмияновго кылмыш иши козголду деген маалымат тараткан. "Илмиянов бир ишкерден 150 миң доллар пара алган" деген айып менен Башкы прокуратура тарабынан ага кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери УКМКга жөнөтүлдү", - деп айтылган.
Ал эми Башкы прокуратура бул маалыматты четке какты. Бул тууралуу аталган мекеме SUPER.KG порталына билдирди.
Илмиянов Атамбаев президент болуп турганда 2011-2015-жылдары президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана биринчи орун басары болуп эмгектенген..