"Икрамжан Илмиянов менен акыркы жолу жайында байланышканбыз, анда ал Москвада болчу", - деп бүгүн, 19-октябрда SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, алар Илмиянов менен сүрөтчү Азамат Жаналиев УКМКга арыз жазганда байланышкан. "Ошол учурда ал апасын дарылантып Москвада жүргөнүн айткан. Андан бери байланыша элекпиз. Негизи Илмиянов президенттик шайлоодон кийин партиялык иштерден алыстаган. Ал саясаттан чарчаганын айткан. "Саясаттан кетем, эс алам" деген оюн билдирген болчу", - дейт Кундуз Жолдубаева.
Кечээ, 18-октябрда Жогорку Сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго карата кылмыш иши козголуп, ал сырттан камакка алынганын билдирген. Айрым маалыматтарга караганда, Илмияновго "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Илмиянов Атамбаев президент болуп турганда 2011-2015-жылдары президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана биринчи орун басары болуп эмгектенген.