ЖАМК: "Икрамжан Илмиянов жатак абагына которулду"

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жатак абагына которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.

"2019-жылдын 30-октябрында Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду күнөөлүү деп таап, анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрдү конфискациялоо, 160 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу жана 7 жылга камакка алуу чечимин чыгарган.

19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскарткан. Мындан тышкары эки мунапыс колдонулган. 21-июлда ЖАМКнын атайын комиссиясынын чечими менен Илмиянов жатак абагына которулган",
- деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kalbek87
2020-07-23 15:04:15
Жатак абагы дегенди кандай тушунсок болот?
0
Jelezo
2020-07-23 15:06:55
kalbek87,Түрмөдөн чыкты дегенди түшүндүрөт.
+8
aerforce
2020-07-23 15:23:00
160 сом айып буларга бир обеди болуп калганда
+8
futboler
2020-07-23 15:51:10
Бир жолу эми Эл Баатыры деген наамды да кошо бербепсиңер. Силерге сөз жок.
+7
Qwer007
2020-07-23 17:09:55
futboler, жон койсон аны да кылышат бети жоктор
+6
Asel69
2020-07-23 15:51:14
Атамбаев Сокени бийлике алып келе коем деп ото жанылган. Азыр мына Соке жалган жалаа менен каматып салды. Уяты жок.
-9
Qwer007
2020-07-23 17:08:35
Asel69, мен эч кимди колдобойм, бирок бизди ушул тунгуюкка, карызга батырган АША неге аны актай бересинер
+9
Dani
2020-07-23 17:15:17
Качан эле чыкса керек,эми кулак кагышта бул
+5
ALATOOLUK.JIGIT
2020-07-23 22:16:56
буларга болот да Жапаровко болбогону .отту куйгузот дааа
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан