Эртең Бишкек шаардык сотунда Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралат

Эртең, 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 16:00дө өтөт.

Буга чейин Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. Кечээ, 20-октябрда аталган сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап, аны 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erik2018
2018-10-30 16:46:56
Эми сот туура акыйкат чечим чыгарат деген ойдомун. Илмияновдун байлыктарын, мурун иштеген кызматтарын тийишттүү кызматтар иликтеп, байлыктарын мамлекетке кайтарышы керек. Элдин ырыскысынан топтолгон байлактар кайра элге өтсө жакшы болмок. Элге сооп дагы иш болмок.
+1
bekmirzach
2018-10-30 16:55:56
Икрамжан Илмияновду өмүрү өткөнчө кесиш керек. Атамбаевге ашыкча жагалданам деп ишкерлердин канын болушунча соргон экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан