Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБи боюнча УКМК, Башкы прокуратуранын маалыматын качан угары белгисиз

Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБи боюнча УКМК, Башкы прокуратуранын маалыматын качан угары белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталына ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов билдирди.

"ЖЭБ боюнча иштер сотко өтүп жатат. Соттон кийин каралабы же ноябрь, декабрь айларында каралабы азырынча белгисиз", - деди депутат.

Буга чейин 3-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов октябрь айындагы планга ЖЭБ боюнча маалымат угууну сунуш кылган. Анын сунушу депутаттар тарабынан колдоо тапкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан