Бүгүн, 12-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча кезектеги соттук отурум уланмак. Бирок айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбей калганына байланыштуу соттук кароо башка күнгө жылдырылды.
Ишти карап жаткан судья Санжар Чотонов кызды ала качкан жигит Марс Бөдөшовдун жанында болгон досу Акмат Сеитовдун жактоочусу бүгүн эртең менен кулап кетип, колун сындырып алганын билдирди. Анын айтымына караганда, жактоочу ооруканага жеткирилип, колуна гипс салынган.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.