Депутат Бишкек ЖЭБи башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп каражатка жаңыланганын айтты

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова Бишкек жылуулук электр борбору башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп каражатка жаңыланганын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 30-январда Бишкек жылуулук электр борборунда Жогорку Кеңештин отун-энергетика, кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.

"Мен ушуга окшогон ЖЭБ курган бир канча өлкөлөрдү салыштырып чыктым. Мисалы, Беларустун Луганский шаарында 260 миллион долларга ушундай ЖЭБ курушкан. Ал эми Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында 349 миллион долларга курган. Бирок алардын ЖЭБ 600 мегаватт. Биз бүгүн коротулган акчалар туура эмес багытка, максатсыз, натыйжасыз пайдаланылганын айтып жатабыз. Эгер сиздерде техникалык-экономикалык негиздеме болбосо бул каражаттар кайда кеткенин кантип билмек элеңер? Иш аварияда эмес, жаңы курулган ЖЭБге канча каражат каралганына карабастан бүгүн акчалардан жыйынтык болбой жатканына күбө болуп жатабыз", - деди Мамашова.

Белгилей кетсек, 386 миллион доллар кантип жумшалары Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Анда жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштер жасалары айтылган эмес. Бишкек ЖЭБин оӊдоого 4 жыл жумшалып, 2017-жылы августта жаӊыланган ишкананын расмий ачылышы болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан