Бишкек шаардык соту экс-мэр Кубанычбек Кулматовду 28-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечим бүгүн, 10-октябрда анын жактоочусунун арызын караган шаардык соттун отурумунда белгилүү болду.
Окуянын чоо-жайы:
24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тергөө абагында жаткан Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан.
Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан бери тергөө мөөнөтү 3 жолу узартылган.