Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялаган. Коомчулукта талкуу жараткан маалыматты президенттин басма сөз кызматы жалган деп четке каккан. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрдагы маегинде "бул реалдуу документ, анда реалдуу адамдардын аттары аталып, реалдуу цифралар жазылган" деп билдирди.
Экс-президенттин маегинде айтылган дооматтар боюнча азыркы бийлик эч кандай реакция жасай элек. Бул көрүнүш коомчулукта шектенүүлөрдү жаратып жатканын маалымат жыйынында Адахан Мадумаров белгилеп өттү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президенттик шайлоонун жыйынтыгына, Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин легитимдүүлүгүнө шек жаралды. Муну жокко чыгаруу үчүн бийлик эмне кылышы керек?" деген собол салды.
МАСАБИРОВ: “Шайлоого кеткен бардык каражаттар БШКнын документинде жазылып турат”
Депутат Таалайбек Масабиров тийиштүү документтер Борбордук шайлоо комиссиясында бар экенин айтты.
“Ар бир талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына канча акча каражаты кеткени боюнча өздөрү отчёт беришет. Документ түрүндө чыгымдарды тастыкташат. Азыр каражат көп кетип калыптыр деген маалыматтар тарап жатат. Бирок шайлоонун өзүнүн мыйзамы бар да. Бул иштер БШКга тийиштүү. Мен дагы ошол ортодон чыгып калган маалыматтарды түшүнбөй турам. Бардык каражаттар БШКнын документинде жазылып турбайбы. Тийиштүү органдар муну карап, чечип коюшу керек”, - деди Масабиров.
МАСАЛИЕВ: "Эгер Токтакунов жарыялаган маалыматтарын документ деп эсептесе, тийиштүү органдар текшерсин"
Депутат Исхак Масалиев атайын шайлоо мыйзамы бар экенин эске салды.
“Эгер Токтакунов жарыялаган маалыматтарын документ деп эсептесе, тийиштүү органдар текшерсин. Бирок колу жок, мөөрү жок интернетке чыгарылган кагазга кантип пикир билдире алабыз. Текшерген күндө деле атайын Шайлоо кодекси бар да. Ага ылайык, шайлоонун жыйынтыгы боюнча 1 ай ичинде арыз түшпөсө, анда иш каралбайт”, - деди Масалиев.
АЙБЕК МЫРЗА: "Акыркы саясий окуялар боюнча бийликтин үн катпаганы аброй алып келбейт"
Жарандык активист Айбек Мырза президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясына кеткен каражаттар, Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү боюнча парламентте комиссия түзүлүшү керек деген пикирде.
"Нурбек Токтакунов жарыялаган маалыматтар боюнча депутаттык комиссия түзүлүшү керек. Ал комиссия бир тараптуу эмес, оппозиция, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралып, ачык иликтөөсү кажет. Комиссиянын иши ачык болушу зарыл. Бул окуяларды "фейк" деп көңүл сыртында калтыруу азыркы бийликке аброй алып келбейт. Фарид Ниязов да, Алмазбек Атамбаев да жарыяланган эсептерди реалдуу документ дешти. Муну Коопсуздук кызматы иликтеши керек. Парламентте чоң маселе болуп каралбаганы парламенттин калыс экенинен күмөн туудурат. Азыркы президенттен коркуп, маселелерди көтөрбөй жатканы кул парламент экенинен, нотариус парламент экенин билдирет", - деди Айбек Мырза.
КАРАСАРТОВА: "Президент бетине жабылган чиркөөнү мамлекет үчүн чечкиндүү реформа жасап жокко чыгаруусу керек"
Укук коргоочу Рита Карасартова бийликке болгон элдин ишенимин кайтаруу үчүн президент мамлекет үчүн чечкиндүү реформа жасашы керек дейт.
"Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо кампаниясына сарптаган каражат тууралуу көрсөтүлгөн документте мөөр жок экенин айтышууда. Мисалы, чет өлкөдө мамлекеттик кызматта отурган кызматкерге шек жаралса, алар үчүн уят, "мен мындан ары кантип иштейм" деп жумуштан кетип калгандар да бар. Ал эми биздин президент өзүнө каршы айткандар менен акыйнек айтышкан жок, бул жакшы көрүнүш. Бирок өлкө башчыга кошоматчылык кылып, шайлоо кампаниясына кеткен чыгым көрсөтүлгөн документте мөөр жок деп кыйкыргандар арбын. Президентке жакшы көрүнөйүн дегендин баары Атамбаевдин учурунда дагы кудум ошондой болушкан. Жээнбековдун бийлиги кеткенде башкага ооп кетишет. Анткени бирөөгө кошоматчылык кылуу алардын кесиби болуп калган.
Болор иш болду, муну эми коомчулук кандай кабыл алары башка маселе. Бирок коомчулук деле кайдыгер мамиледе болуп калгандай. Мындай учурда жарандык коом бизди сатып алып жаткан турбайбы деп кыялыбызды бийликке көрсөтүп коюшубуз керек эле. Тилекке каршы, сатылып жатканыбызды баарыбыз билебиз, тескерисинче, шайлоо маалында канча берет экен деп өзүбүз күтөбүз.
Ак эсепчи, кара эсепчини элдин баары билди. Бийликтин бетине чоң бир чиркөө болду. Мындан ары президент мамлекет үчүн чечкиндүү реформа жасап кетүүсү зарыл. Бирок президенттин шайлоо кампаниясына миллиарддаган акчалар бекер келген жок, анын дагы кайтарымы бар. Кайтарымы бар нерсенин артынан президент реформа жасай алабы деген суроо жаралат", - деди Карасартова.
АКМАТБЕК: "Президенттин шайлоо кампаниясына кетирген чоң суммадагы каражаты мамлекет үчүн коркунучтуу жагдайды жаратып койду"
Эксперт Руслан Акматбек президенттик шайлоо кампаниясына кеткен каражат мамлекет үчүн коркунучтуу. Бул иш аягына чейин изилдөө керектигин айтты.
"Президенттин шайлоо кампаниясына кетирген чоң суммадагы каражаты мамлекет үчүн коркунучтуу жагдайды жаратып койду. Эртең деле шайлоо болсо мындай көрүнүштөргө күбө болушубуз толук ыктымал. Анткени мурда жасалган ишти кийинки келе турган бийлик сөзсүз кайталайт. Болор иш болду деп таштап койбой, бийликке келгенден кийин жасаган иштери боюнча жооп беришин талап кылганды үйрөнүшүбүз керек. Мындан кийин да жаман көрүнүштөр боло турган болсо, бардык шайлоонун легитимдүүлүгү, талапкерлердин иши дайыма талкууланат жана чыр менен коштолот. Юрист Нурбек Токтакунов жарыялаган документти эч ким четке кага алган жок. Ал жерде реалдуу аттар жана реалдуу сумма болгондон кийин адилеттүүлүк болбосо да президент адилеттүүлүктү издемиш болуп коюшу керек. Бирок иликтеп аягына чыгаруу зарыл. "Мен көргөн жокмун, билген жокмун" деген менен иш бүтпөйт. Саясатчы Адахан Мадумаров айткандай, элдин ишенимин кайтаруу керек, ал "таза шайлоонун негизинде өтөт" деп айтканына толук кошулам.
Шайлоо менен президенттик такты 24 миллион долларга сатып алса болот деген жыйынтыкка келип калуудабыз. Кыргыз өлкөсүндө бардык нерсе сатылат турбайбы деген ойду жокко чыгаруу керек. Мыйзамды көзөмөлдөгөн укук коргоо уюмдары, көз карандысыз сот бийлиги өзүнүн ишин так жасашы керек. Ошондо гана мамлекетте тартип орнойт", - деген пикирин Руслан Акматбек билдирди.
КАЛЫГУЛОВ: "Президент беделине шек келтирбеш үчүн шайлоо кампаниясына кеткен каражат тууралуу жооп берүүсү керек"
Медиа-эксперт Жылдызбек Калыгулов президенттин шайлоо кампаниясы тууралуу жарыяланган документ боюнча сөзсүз түрдө түшүндүрмө берилиши керек деген пикирин билдирди."Президенттин шайлоо кампаниясы тууралуу жарыяланган документ боюнча сөзсүз түрдө түшүндүрмө берилиши керек. Анткени 1,5 миллиард сомдон ашык акча каражат чоң сумма болуп саналат. Эгер айтылып жаткан каражат чын болсо, анда маселе оорлоп кетип, өлкө башчынын беделине шек кетип калышы толук мүмкүн. Жөн эле "фейк" аркылуу президентти жамандап жатышса мыйзам алдында тиешелүү адамдар жооп берүүсү керек болуп калат. Мамлекетте күчтүү оппозиция жана күчтүү жарандык коом түзүлүп калса, бийликти алсыратып коёт. Ошондуктан бийлик мындай нерсеге олуттуу карап өз учурунда жообун бериши керек. Азыр эл мурдагыдай эмес. Элди толкутуп алса, иш чатак болот. Мындай жагдайдан бийлик бир гана далил жана расмий документтин негизинде чыга алат. Башка жол жок... Эгер чындыгында жогорудагы шайлоо кампаниясына кеткен каражат далилденип калса, шайлоо мыйзамсыз өткөнүнө далил болуп калат да, элдин бийликке болгон ишеними биротоло жоголот. Элдин ишеними жоголсо, бийлик ким үчүн иштейт? Экс-президент Алмазбек Атамбаев да коомдо абдан курч сөз жаратты. Буга азыркы өлкө башчы же анын тиешелүү өкүлү жооп бериши керек. Себеби шайлоо кандай өткөнү тууралуу элде эки башка ой жаралып калды. Жөнөкөй кишиге маани берилбей кала берет, бирок экс-президент катары Атамбаевдин коомдо орду чоң. Мунун арты менен күчтүү оппозиция жаралып калса, президентке "импичмент" жарыялап коюуга шарт болуп калат", - дейт Калыгулов.