КҮНСОБОЛ: Кыргыз-Тажик чек арасында дагы жаңжал орун алды. Чек арада улам чыгып жаткан чырдын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Анда курал колдонулуп Кыргыз жана Тажикстандын 20дан ашык жарандары жаракат алышты. Тажикстандын чек ара кызматы бир адам октон каза болгонун билдирди. Бул Кыргыз-Тажик чек арасындагы аймакта жашаган элдин ортосундагы жаңжал биринчи жолу эмес. Эки өлкөнүн өкүлдөрү бир нече ирет сүйлөшүү жүргүзгөнү менен чек арадагы чыр кайталанууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында дагы жаңжал орун алды. Чек арада улам чыгып жаткан чырдын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?" деген собол салды.

МЕДЕТБЕКОВ: "Чек ара маселесин чечүүдө тараптар бири-бирине үстөмдүк кылбай, шарттарына көнүшү керек"

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков чек ара маселесин тез арада чечпесе жаңжалдар көбөйө берет деген пикирин айтты.

"Биринчиден, чек арадагы жаңжалдын алдын алуу үчүн эмне кылуу керектигин 20 жылдан бери эксперттер, депутаттар, чиновниктер айтып келе жатышпайбы. Чек араларды тактоо, аныктоо иштери бүтмөйүнчө буга окшогон жаңжал чыга берет. Экинчиден, ошол жердеги жергиликтү элге алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чек арачыларга шарттарды түзүү зарыл. Шарт жакшы болсо чек арачылардын чек араны сактоого, коргоого мамилеси жакшы болот. Үчүнчүдөн, чек ара маселелерин өзгөчө түштүк аймагындагы анклавдарды убагында өзүбүз саясат, экономика жагынан шалаакылык кылып койгонбуз. Бүгүнкү күндө экономика, саясатты ойлоп чек арада иш аракеттерди жүргүзүү кажет. Төртүнчүдөн, маселени чечүүдө эки мамлекеттин бийлик башында тургандарынан эрктүүлүк талап кылынат. Анда бири-бирине үстөмдүк кылбай, сөздөрүн угуп, жардам берип, чек араны тактап жатканда бир метр аларга кетсе, бир метр бизге кетсин. Бири-биринин шарттарына көнүш керек. Тилекке каршы эч ким ордунан жылгысы келбей жатат. Бул маселени көк беттикке салганда эч нерсе чечилбейт. Жаңжалды саясатка айланткысы келгендер болууда. Чек арадагы кырдаалды жеке эле биз эмес, башка өлкөдө байкагандар көп болуп турат. Маселени тез арада чечпесе чакан конфликттер көбөйө берет", - деди ал.

МАДУМАРОВ: "Чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу сабаттуу инсандардын колунан келе турган иш"

Саясатчы Адахан Мадумаров чек арадагы жаңжалдан кийин Кыргыз жарандарынын башка жакка көчүрүлүшүнө жол берген бийликти сынга алды.

"Бардык нерсени алдын алса болот. Алдын алуу үчүн келечегин көрө билиши керек. Бизде чек аранын кайсы жеринде кандай маселе көтөрүлөт, жазда, кышында кандай нааразычылыктар айтылат 20 жылдын ичинде баарын 5 колдой билип калыш керек эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө аны билген сабаттуу бийлик жок. Жалаң "менин партиямдан, сенин партияңдан" деп алып келип, соодагерчилик менен кызматка койгон сабатсыз кызматкерлердин кесепетинен ушундай болуп жатат. Бул жеткен алсыздык. Мына азыр "350гө жакын элди Баткен тарапка көчүрдүк" дешет. Өзүнүн жеринен аларды эмнеге көчүрөсүң? Анан дагы чоң жетишкендик катары миграция кызматы "4 чатыр бердик" дейт. Эмнеге мынчалык маңкурт, алсыз болдуң? Кыргыз бийлигинде бул деңгээлдеги сабатсыздык болгон эмес. Чет өлкөлөр менен, болгондо да кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзгөндө абдан сабаттуулук, тажрыйба керек. Башкалар тажрыйбалуулугу менен кыргыз бийлигиндегилерди канчалык алсыз, сабатсыз экенин бир сөзүнөн билип коюп жатат. Адам өзүнүн сырын алдырып койгондон кийин эч качан күчкө ээ болбойт. Бүгүнкү күндө Кыргыз бийлиги бүтүндөй сырын алдырып бүттү. Ошонун кесепетинен башаламандык болуп жатат. Ал жерге барган вице-премьер эмнени билет? Ал жакка барган адам эл тарабынан ишенимге ээ болушу керек. Чыр-чатактардын алдын алуу сабаттуу инсандардын колунан келе турган иш. Жыл бою сугат башталганда ошол жерде жаңжал башталат. Жер-жемиштерди ташыганда дагы башталат. Жыл сайын болуп жаткандан кийин алдын ала иш кылыш керек. Туура багытта иш жүргүзө ала турган, тажрыйбалуу жетекчилердин жок болуп жаткандыгы Кыргыздын эң чоң кайгысы болууда", - деди ал.

МОМБЕКОВ: "Өкмөттү отставкага кетирүү керек! Разаковду буга чейин жазган арызынын негизинде эле кетирсе болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бул маселенин ырбап жатканына түздөн-түз өкмөт күнөөлүү деген пикирде.

“Эмне кылуу керек дегенде Өкмөттү отставкага кетирүү керек деп айтат элем. Себеби мындан аз убакыт мурун гана бул маселе курчуп кетип, чек ара маселеси боюнча өкмөттүн чабал аракеттери сынга алынган. Жогорку Кеңеште бул маселе жабык эшик артында каралып, бир топ сунуштарды киргизгенбиз. Бирок алар эске алынган жок, ошол иштерди алгылыктуу аткаруунун ордуна бүгүн экинчи ирет жаңжал чыгып, эки мамлекеттин ортосундагы бул маселе оорлоп кетти. Буга түздөн-түз өкмөттү күнөөлөйт элем.

Ошол кезде деле Өкмөттү кетирүү маселеси көтөрүлгөн болчу. Бул маселени жөнгө сала албаган Жеңиш Разаков өзү отставкага суранса жакшы болмок. Буга чейин чыккан жаңжалда анын жоопкерчилиги каралышы керек деп комитеттин, комиссиянын чечимдери чыккан. Бирок убактылуу токтотуп коюшкан, азыр айта турган болсом Разаков ошол кезде кырдаалды жөнгө сала албагандыгы үчүн арызын жазып койгон экен. Бирок "ачууга алдырбаңыз" деп жоошутуп коюшкан экен. Азыр ошол арыздын негизинде эле отставкага кетире берсе болот”, - дейт депутат.

МАМБЕТОВ: "Мурдагы туура эмес жасалган иштердин баары ушул абалга алып келди"

Коомдук ишмер Базарбай Мамбетов чек арадагы жаңжалдар унаа жолдорунда чыгып жатканын белгилеп "Ак-Сайда айланма жол салганда Кыргыз тарап Тажикстандан уруксат сурабай эле иш кылышы керек эле" деген пикирин айтты.

"Мурдагы вице-премьер чек арага барып Ворух анклавы менен Тажикстанды бириктире турган жолду биздин аймак аркылуу салганга уруксат берип, кол коюптур. Аны кайра токтотуу керек. Ошол нерсе чек арадагы чыр-чатакка алып келип жатат. Мурдагы туура эмес жасалган иштердин баары ушул абалга алып келди. Ворухта жашаган тажик элине Кыргыз жайлоолоруна чыкканга уруксат берген, ошону токтотуу зарыл. Баткен облусунун мурунку, азыркы губернатору чек ара маселесин чечүү боюнча эч нерсе кылбай койгон. Туура жолго салууда өз позициясы болгон эмес. Баткендеги Тажикстан менен чектешкен Кыргыз айылдарында жашоочулар үйлөрүн сатып, көчүп кетип жатышат. Кыргыздын аймагындагы үйлөрдү саттырбаш керек", - деди ал.

ОРОЗОВА: "Бул маселени катуу көзөмөлгө албаса Ак-Сайдан кеткен түз коридор тосулуп калат да, Лейлек району, Сүлүктү шаары барымтада калат"

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Кыргыз өлкөсү чек ара маселесин чечүүдө каражатты аябашы керек деген пикирде.

"Ар бир мамлекет үчүн көйгөйлөрдүн орчундуусу болуп мамлекеттин өзүнүн чек арасын бекемдеп алышы. Бул маселени чечүү көп каражатты талап кылат, анда чек араны тактоо, бекемдөө, сүйлөшүү, карталар менен изилдөө да кирет. Бирок канча каражат талап кылбасын, бул маселени чечүүдө каражатты аябашыбыз керек.

Баса белгилеп айта турчу нерсе, чек ара жаңжалдарын алдын алуу үчүн чек араны аныктап, тактап алып туруп анан башка иштерди кылуу керек. Мен буга чейин да бул маселени көтөрүп келгем. Курулуш болобу, башка иштер болобу 1 жылга мораторий киргизели, курулуш токтоп турса эч нерсе болбойт, кийин деле кура беребиз. Ал эми чек араны карабай токтотуп койсок, тынчтык болбойт.

Кыргыз жеринде, өзгөчө Баткен чөлкөмүндө кен-байлыктар көп, ал эми кошуна мамлекетте жер тар, өсүү, төрөлүү өтө көп. Ак-Сайдын өйдө жагында Ворух айылы жайгашкан. Бул маселени катуу көзөмөлдөбөсөк утулуп калышыбыз толук мүмкүн. Андай боло турган болсо Ак-Сайдан кеткен түз коридор тосулуп калат да Лейлек району, Сүлүктү шаары барымтада калат. Мындан сырткары, Баткенди сугарып турган Төрт-Көл суу сактагычынан да кур калабыз. Учурда бул көйгөй мамлекет башчынын деңгээлинде чечиле турган маселе болуп калды.

Жаңжал чыккан аймакка жооптуу жетекчилерди, атайын түзүлгөн комиссияны, штабды алып барып отургузуу керек. Анан талаага чөп чыкканда же көчөгө эл чыкканда барып, элди алдап кайра киргизип койгон туура эмес. Каржыны чек арадан аябашыбыз керек", - деди Орозова.

МАСАЛИЕВ: "Чек ара маселеси боюнча кандай гана чечим кабыл алынбасын сөзсүз нааразычылыктар болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кандай гана чечим кабыл алынбасын ага экинчи тарап нааразы болот деген ойдо.

"Чек ара бул өтө татаал маселе, аны чечүү оңой болбойт. Кыргыз тарап "бул биздин жер" десе тажик тараптын өзүнүн пикири жаралат. Бул жаатта ар кандай келишимдер, сүйлөшүүлөр бар. Кандай гана чечим кабыл алынбасын сөзсүз нааразычылыктар болот. Себеби ага кыргыз же тажик тарап макул болбойт. Бул меселени дипломатиялык жол менен бүтүрүүгө болгон аракетти жумшоо керек.

Жаңжал чыккан жер такталбаган аймакка кирет. Ал жерде 20 түтүн болобу, 200 түтүнбү эң биринчиден, алардын тагдыры кандай болот? Ошону ойлонуу керек. Себеби бир да мамлекет 1 метр жерин бергиси келбейт. Ачыгын айтканда бул чыр акыркы 40 жылдан бери чечилбей келет.

Бул маселени чечүүдө чек аранын аймагында жайгашкан калкка жумуш боюнча шарттарды түзүп берүү керек. Айыл тургундарын жумуш менен камсыздап, 15-20 жылга чейин жеӊилдетилген ссудаларды берсек, эл суу, акча жетпей кыйналып жатканда "суу тартып кетти" деген сыяктуу маселелер менен алек болбойт. Ошондо гана мамлекетке кандайдыр бир ишеним пайда болот. Бирок учурда бийлик өкүлдөрүнө өтө оор учур болууда, себеби жеңил көрүнгөнү менен өтө олуттуу маселе", - деди эл өкүлү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан