КҮНСОБОЛ: Чек ара маселеси боюнча маалыматтар элге ачык-айкын болгону туура эмеспи?

14-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өтүп, жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган. Анда тараптар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик вице-премьерлери чек ара боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды бекем сактоо тууралуу бир пикирге келишкен. Чек ара маселеси боюнча маалыматтар элге ачык-айкын болгону туура эмеспи?" деген собол салды.

ОРОЗОВА: "Чечиле элек маселелер боюнча маалымат каражаттарына алдын ала чыгып кетсе, оң жагынан чечилбей калышы мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова чечиле элек маселелер боюнча маалымат каражаттарына алдын ала чыгып кетсе, оң жагынан чечилбей калышы мүмкүн экенин айтты.

"Маалыматтар ачык-айкын болушу керек. Биринчи маселени эл менен акылдашып, чечилгенден кийин маалымат берсе болот. Чечиле элек маселелер боюнча маалымат каражаттарына алдын ала чыгып кетсе, оң жагына чечилбей калышы мүмкүн. Эки мамлекеттин деле кызыкчылыгына туура келбей, зыян болуп калат. Эки өлкө тең өздөрүнө ылайыктуу шарттарды коюп жатат. Бир пикирге келгенче маалымат берип койсо, эки өлкөгө тең зыян болуп калат", - дейт Карамат Орозова.

ИМАНАЛИЕВ: "Кээ бир маалыматтардын зыяны да, пайдасы да тийип калышы мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев кээ бир маалыматтардын зыяны да, пайдасы да тийип калышы мүмкүн деген пикирде. "Бул улуттук кызыкчылыкка байланыштуу да. Улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкка байланыштуу маалыматтын кээде зыяны да, пайдасы да тийип калышы мүмкүн. Кээ бир маалымат журналисттер үчүн пайдалуу, бирок Кыргыз мамлекети үчүн пайдасыз болуп калышы ыктымал. Ар бир өлкөнүн өзүнүн купуя сыры болот. Элге маселенин чечилишинин жыйынтыгы керек. Коңшу өлкөлөр сүйлөшүүнүн жүрүшү боюнча ачык маалымат беришпейт. Чек ара маселеси этияттыкты талап кылат", - дейт Иманалиев.

ТИЛЛАЕВ: "Эл ишенип, ынанмайынча чек ара маселесинин чечилиши кыйын"

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев эл ишенип, ынанмайынча чек ара маселесин чечүү кыйын экенин билдирди. "Менин оюмча, чек ара маселеси ачык-айкындыкка жетти. Элди аралап такталбаган жерди алмашуу жана башка маселелер боюнча жергиликтүү элдин макулдугу менен гана чечилет. Бул жерде ачык-айкындуулук керек. Себеби эки тарап кагылышпагандай анык, так маалымат жетип турса жакшы болот. Элге туура маалымат берүү керек. Себеби эл ишенип, ынанмайынча бул маселенин чечилиши кыйын", - дейт Тиллаев.

ИСАКОВ: "Ачыктык, айкындык менен гана иш алып барып, туруктуу өнүгүүнү жана тынчтыкты камсыздай алабыз"

Жарандык активист Гүлжигит Исаков чек ара маселеси боюнча ачык-айкын иш алып баруу керектигин айтты.

"Биздин мамлекет Советтер Союзунун убагында Тажикстанга "боордош мамлекет" деп Лейлек районунун аймагынын 20 пайызга жакынын жана Баткен районунун аймагынын үчтөн бирине жакынын берип салган.
Ошол тенденция күч алып, дагы деле уланууда. Эл баарын көрүп турат. Жергиликтүү эл менен сөзсүз кеңешип, акылдашуу керек. Жергиликтүү эл дегенде "дүжүрлөр" менен эмес, чыныгы жерди билип, тээ илгерки убактарда ата-бабасынан көрүп, өзү дагы ошол жерде чоңойгон аксакалдарга, улуу муундан турган жергиликтүүлөргө сөзсүз кеңешүү керек. Кеңешип кескен бармак оорубайт.

Эч жакка жарыялабай эле, колдор коюлуп калса, эл нааразы болот. Жергиликтүүлөр билет да канткенде дагы. Эгерде кеңешилбей, коомго ачык жарыялабай, жең ичинен иш бүтө берсе, Тажикстандын бийлиги, эли жана алардын кызыкчылыгына кызмат кылгандар утушта болушат. Кыргыз мамлекети жана кыргыз эли утулат. Улуттук кызыкчылык ар дайым жогору коюлганда гана утушта болобуз. Мурда берип койгон жерлерибиз жетет. Мындан ары бергенге жерибиз жок. Ачыктык, айкындык менен гана иш алып барып, туруктуу өнүгүүнү жана тынчтыкты камсыздай алабыз. Улуттук кызыкчылыкты азыр коргоп калбасак, урпактарыбыз бизди кечирбейт", - дейт Исаков.

АЙТАЛИЕВ: "Чек ара боюнча маалыматтар ачык-айкын болушу керек"

Жарандык активист Бекназар Айталиев чек ара боюнча маалыматтар ачык-айкын болушу керектигин белгиледи.

"Жакында эле чек ара маселеси боюнча Кыргыз-Тажик вице-премьер-министрлер жолугуп, 6 протоколго кол коюшту. Ошонун бир бөлүгүндө чек ара боюнча маселе такталып бүткөнгө чейин маалымат каражаттарына маалымат чыгарбайбыз деген чечимге кол коюшту. Жашыруун бир жерлер кетип жатышы мүмкүн. Бул маселени жергиликтүү калк менен такташып алып андан кийин эл аралык келишимге алып келиш керек", - дейт Айталиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан