КҮНСОБОЛ: Эрлан Абдылдаевдин ордуна Тышкы иштер министрлигине мурун Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинде иштеген адам сунушталды. Бул эмненин белгиси?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Кыргыздын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековду сунуштады. Буга чейин аталган кызматка барышы мүмкүн делген бир топ тажрыйбалуу дипломаттардын ысымдары аталып жаткан. Алар: Аликбек Жекшенкулов, Руслан Казакбаев, Болот Отунбаев, Данияр Сыдыков. Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда Айдарбеков парламенттин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетектеген. Буга байланыштуу коомчулукта "Айдарбековдун сунушталышына Жээнбековдун тиешеси болушу мүмкүн" деген пикирлер айтылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Эрлан Абдылдаевдин ордуна Тышкы иштер министрлигине мурун Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинде иштеген адам сунушталды. Бул эмненин белгиси?" деген собол салды.

ПИРМАТОВ: "Сапар Исаковдун кадры катары түшүндүм"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун айтымында, премьер-министрдин ТИМ боюнча сунушу парламенттин тармактык комитетине келип түшө элек.

“Сунушталып жаткан адамдан ишмердүүлүгү боюнча маалыматым жок экен. Мен да премьердин сунушун интернеттен окудум. Мурда Жогорку Кеңеште протокол боюнча иштептир деп айтып жатышат. Азырынча Жогорку Кеңештин тармактык комитетине премьердин сунушу келе элек. Бир-эки адам ал жөнүндө айтып беришти. Сапар Исаковдун кадры катары түшүндүм. Ошонун учурунда элчиликке сунушталган экен. Алдыдагы жыйындарда, балким, маалыматтар айтылат”, - деди Пирматов.

МИСКЕНБАЕВ: “Өлкөдөгү тышкы саясатты Жусупбек Шарипов, ички саясатты Асылбек Жээнбеков көзөмөлдөйт”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев президенттин жүргүзүп жаткан саясаты туура эмес деген пикирде.

“Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда парламенттин аппаратында иштеген адамды тышкы иштер министри кызматына сунуштап жатышат. Азыркы учурда өлкөдөгү тышкы саясатты Жусупбек Шарипов, ички саясатты Асылбек Жээнбеков көзөмөлдөйт. Мен 6-7 ай мурун эле үй-бүлөлүк башкаруу болот деп айттым эле. Кудалары, күйөө балдары бийликте. Эми бардык туугандарынын кызматтарга отуруп алышын күтүш керекпи? Ошондо гана реформа болобу? Президенттин азыркы жүргүзүп жаткан саясаты туура эмес. Анткени өзүнүн айткан сөзү менен кылган иши дал келбейт. “Коррупцияга каршы күрөшөм” деп оппоненттери менен күрөшүп жатат. Аткарган иши менен айткан сөзү карама-каршы болуп жатат. Эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өзүнүн туугандарын, таяке, жээндерин алып келет”, - деди Мискенбаев.

ЧОЛПОНБАЕВ: “Бул үй-бүлөлүк башкаруу башталды дегенден кабар берет”

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев тышкы иштер министри кызматына татыктуу башка тажрыйбалуу кадрлар бар экенин айтты.

“Бул үй-бүлөлүк башкаруу башталды дегенден кабар берет. Абдан өкүнүчтүү. Андан башка тажрыйбалуу кадрлар бар. Азыркы күндө жаштарга ишеним көрсөтүүнүн өзү кыйын нерсе. Бул кызматка Аликбек Жекшенкулов татыктуу болмок. Ошондой кишилерден бул кызматка талапкер карап көрсө болот эле. Азыр Сооронбай Шарипович жалгыз болуп кыйналып жаткан кезде эски кадрлардан жардам керек болчу. Жекшенкуловго окшогон кадрлар министр болуп келсе жакшы болмок”, - деди Чолпонбаев.

НАРЫН АЙЫП: "Чыңгыз Айдарбековдун сунушталганын тазалоо деп эсептесе болот"

Журналист Нарын Айып бийлик интригага аралашпаган кадрларды жыйноого кызыкдар деген пикирде.

"Мен Чыңгыз Айдарбековду жакшы тааныбайт экенмин. Ошон үчүн жеке өзү жөнүндө эч нерсе айта албайм. Бирок буга чейин ТИМге башчы болушу мүмкүн деп айтылып жаткан үлкөн саясатчыларга, тагыраагы, Болот Отунбаев, Данияр Сыдыковдун сунушталбай калганына караганда, бийлик сырттан келген адамга кызыгып жаткандай. Интригаларга аралашпаган, таза адамды алып келүүгө аракет болушу мүмкүн. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да буга чейин борбордук аппаратта иштеген эмес, аймактагы кызматкер катары эле сунушталды эле. Муну тазалоо деп эсептесе болот. Кантип иштей турганын көрүш керек. Жаман нерсе издөөнүн кереги жок”, - деди ал.

АКМАТОВ: “Жакындыгына тарткан саясат алыска барбайт”

Журналист Айданбек Акматовдун пикиринде, тышкы иштер министри болуп кызматка барчу адам тышкы саясатты жана коңшу өлкөлөр менен болгон мамилени жакшы билген, ошол тармакта сыналган адам болушу керек.

"Мен чындыгында Чыңгыз Айдарбековду билбейт экенмин. Балким, бизге белгисиз, жаш дипломаттыр. Кантсе да ал мен үчүн жаңы ысым болуп жатат. Тышкы саясат - мамлекет үчүн эң негизги тармак. Ошон үчүн аталган министрликке тажрыйбалуу тышкы саясатты, геосаясатты, коңшу өлкөлөр менен болгон мамилени жакшы билген, ошол тармакта сыналган адамдын келгени маанилүү. “Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар” дегендей, Айдарбеков жетекчилерге өзгөчө таланттуу, белгилүү адамдыр, бирок коомчулукка белгилүү эмес. Мындан улам ал бул кызматты кандай алып кетет деген бүдөмүк ойлор көп болот деп ойлойм. Эгер ал Асылбек Жээнбековдун жанында көп жүргөн болсо, анда кол ийрисине тартат дегендей саясат кетип жаткандыр.

Жакында эле чуулуу окуялар менен кызматтан кеткен эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова да мурда Асылбек Жээнбековдун жардамчысы болуп иштеп, кызматка Жээнбековдун жардамы менен дайындалган экен. Эгерде Чыңгыз Айдарбеков дагы ошолордун айланасында жүрүп, билимине, тажрыйбасына эмес, жакындыгына тарткан саясат менен кызматка баратса, анда мындай саясат алыска барбайт. Бул баарыбызга белгилүү. Тажрыйбасы аз туруп, сүрөөн менен кызматка барган адам тышкы саясатта катачылыктарга жол берип алышы мүмкүн. Себеби баш ийип жүргөн адам жогору жакка сын, өз пикирин айта албайт, дайыма “лаппай” менен жүрөт”, - деди Акматов.

КАДЫРБЕКОВ: "Айдарбековдун талапкерлигинин чыгарылышы - бул президенттин колу менен болуп жатканын көрсөттү"

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков президент Жогорку Кеңештин артыкчылыктуу укуктарын пайдаланып жатат деген пикирде.

“Япониядагы элчибиз Чыңгыз Айдарбековдун ТИМдин башчылыгына сунушталып жатканынын бир көйгөйүн көрүп жатам. Айдарбеков президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеште спикер болуп турганда тышкы иштер боюнча бөлүмдүн башчысы болуп иштеген экен. Ал 1998-жылдан бери аталган тармакта эмгектенет. Анын тажрыйбалуулугунан шегим жок. Мени ойлондурган нерсе, президенттин Жогорку Кеңештин артыкчылыктуу укугуна кирип кеткени болуп жатат. Тышкы саясатты өкмөт чечиши керек. Ал эми өкмөттүн курамын парламент чечиши зарыл.

Айдарбековдун талапкерлигинин чыгарылышы - бул президенттин колу менен болуп жатканын көрсөттү. Атамбаевдин учурун билебиз да. Президент баарын өзү чечип, өзү башкарган. Мен президент Жээнбековдун кадр саясатына киришкендигинен маселе көрүп жатам. Бардык өкмөт мүчөлөрүнүн президенттин уруксаты менен шайланганы аз келгенсип, бардык министрлерди да өлкө башчы жылдырып жатканы туура эмес көрүнүш деп ойлойм. Ошондуктан парламентти өз артыкчылыктуу укуктарын так аткарууга чакырат элем. Эгер президент ар кандай жолдор менен жогорку кызматтарды өз адамдары менен толтурам деп жатса, анда бул бийликтин пайдасы жок болот. Ошондуктан ар бир институт бири-бирин толуктап, көзөмөлдөп турганы абзел. Баары өзүнүн чегинде иш кылса туура болмок”, - деди Кадырбеков.

НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК: "Чыңгыз Айдарбеков жакшы кадр, профессионал. Бирок азыркы системдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн"

Саясий серепчи Нурсултан Акылбек Айдарбековдун талапкер катары сунушталганы күтүүсүз болгонун айтты.

"Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги баарыбызга күтүүсүз болду. Бул жерде Асылбек Жээнбековдун тиешеси болушу толук ыктымал. Чыңгыз Айдарбеков элчи катары жакшы жумуш көрсөтө алды. Бирок анын тажрыйбасы чоң министрликти башкарууга жетеби? Протокол бөлүмү менен министрликти башкарууда айырма бар. Чыңгыз Айдарбековду биздин өнөктөштөр, коңшу өлкөлөрдүн президенттери жана министрлери кандай кабыл алат? Министрликтеги башаламандыкты оңдой алабы? Тышкы саясатты туура жолго түшүрүп, замандын талабына жооп бердире алабы?

Азыркы тапта Тышкы иштер министрлигине оор салмактуу саясатчы керек болчу. Көйгөйлөр көп, президент жана премьер-министр менен тиреше турган маселелер бар. Чыңгыз Айдарбеков жакшы кадр, профессионал. Бирок азыркы системдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Алдын ала бир нерсе айтуу кыйын. Өтө күтүүсүз талапкер. Тышкы иштер министрлигине жаш кадрдын келгени бир жагынан жакшы көрүнүш. Айтылган көйгөйлөрдү чече алса, менимче, жакшы тышкы иштер министр болуп бере алат. Эң башкысы - саясий эрк жана профессионалдуулук. Көрсөтүлгөн талапкерде бул сапаттар бар деп үмүттөнөбүз”, - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан