КҮНСОБОЛ: Парламенттин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Учурдагы Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз?

Бүгүн Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Парламент калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Учурдагы Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз?" деген собол салды.

СУЛАЙМАНОВ: "Келечекте Жогорку Кеңеш эч кимге баш ийбеген орган болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин ар бир чакырылышынын ийгиликтери жана жетишпегендиктери болгонун айтты.

"Бүгүнкү парламент жаңы багытка бет алып, башкаруунун үстүндө иштеп жатат. Ар чакырылыштагы парламенттин өз мезгилинде ийгиликтери жана кемчиликтери болгон. Эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп турган парламентке ар дайым сын-пикирлер айтылып келет. Азыркы учурда өлкөдө парламенттик толук башкаруу деп айта албайм.

Парламенттик башкарууга өткөн чет мамлекеттерде деле ортодо убакыт талап кылынат. Биз ошол убакыт талап кылган, өткөөл мезгилдерде жашап жатабыз. Келечекте сөзсүз парламент өзүнүн ордун тапкан, эч кимге баш ийбеген орган болот. Себеби Советтер Союзу тарап, президенттик башкаруулардан кийин биздин каныбызга сиңип калган башкаруудан арыла албай жатабыз. Дагы бир же эки чакырылыштан кийин Жогорку Кеңештин аброю мындан дагы жогорулайт", - деди Сулайманов.

ИМАНАЛИЕВ: "Бүгүнкү күндө парламент таасирдүү күчкө ээ эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргыз мамлекетинде парламент өнүгүү жолунда деген пикирге кошулбай турганын айтты.

"Кыргыз мамлекетинде парламент өсүп-өнүгүп жатат деп айтылууда. Мен бул айтылган сөздөргө кошулбайм. Бизде үч негизги стратегиялык документ бар. Бирок өлкөнүн өнүгүшүн аныктаган стратегиялык документ парламентсиз кабыл алынганы - Кыргыз мамлекетинде бүгүнкү күндөгү парламент таасирдүү күч эмес экендигинин далили. Азыркы учурда аракеттеги 13 документ бар, 6 фракциянын эл алдында берген убадасы, 3 өкмөттүн программасы жана президент кол койгон Өнүктүрүү стратегиясы бар. Кичинекей Кыргыз өлкөсүнө 13 документтин кереги барбы? Эгерде өкмөт долбоорун даярдап, парламентте талкууланып, президент кол койсо, бир багытта кетмекпиз. Ошондо гана парламенттин аброю көтөрүлмөк. Биз, Жогорку Кеңештин депутаттары, мыйзамдардын 98 пайызын кабыл алабыз, бирок алардын кандай аткарылып жатканын укпайбыз. Биздин түпкү пайда болуубуз айылдык жана шаардык кеңештен турат. Эгерде баарыбыз биригип иштебесек, парламентти көтөрө албайбыз", - деди Иманалиев.

МАДУМАРОВ: “Азыркы парламенттин деңгээли өтө төмөн. Бир ишке эрки жетпейт”

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров парламент коомдун күзгүсү экенин айтты.

“Парламент ар бир доордун талабына жараша куралып келе жатат. Ар бир чакырылышта ар кандай инсандар шайланат. Парламент - коомдун күзгүсү. 1995-жылдары “депутатты көрүп эле ал чыккан райондун элине баа берсе болот” деген сөздөр айтылат эле. Чынында күчтүү райондордон күчтүү депутаттар чыкчу эле. Ал эми алсыз депутаттарды “аман эле белсун” деп коюшчу. Мына ошол учурда Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев сыяктуу аксакалдар парламентке ушундай сын көз менен карашат эле. Акча менен келген парламенттин акыл-эси, деңгээли эч качан көтөрүлбөйт. Айтсам капа болуп жатышпайбы. Азыркы парламенттин деңгээли өтө төмөн. Бир ишке эрки жетпейт. Эрки жетсе да интеллектуалдык деңгээли жетпейт”, - деди Мадумаров.

ЧОЛПОНБАЕВ: “Учурдагы Жогорку Кеңешке жакшы деген баа бере албайм”

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев азыркы депутаттар Конституция боюнча элдин өкүлү эмес деген пикирде.

“Учурдагы Жогорку Кеңешке жакшы деген баа бере албайм. Конституция боюнча алар элдин өкүлдөрү эмес. Биздин Конституцияда ошондой шарт каралып, Шайлоо кодексинде дагы ошол улантылып, шайлоочулар түздөн-түз депутатка добуш бербегенден кийин булар элди шайлоочу катары тааныбайт. Шайлоочулар дагы өзүнүн депутаты ким экенин билбейт. Парламент бийлик органы болгондон кийин ал жакка элдин өкүлдөрү гана барышы керек эле. Биздин шайлоочулар депутаттардын ар бирине добуш бербегенден кийин алар элдин өкүлү болуп эсептелбей калып жатат.

Азыр парламентке жалаң акчасы барлар баргандыктан алар жалпы элдин жашоосу менен байланышкан деп айтуудан алыспыз. Ошондуктан азыркы парламенттин курамына нааразычылыктар бар”, - дейт Чолпонбаев.

КЕЛДИБЕКОВ: "Жогорку Кеңеш сынды туура кабыл алышы керек"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун айтымында, парламентке эл тарабынан шайланып келген депутаттарга коом өзү баа берет.

"Жогорку Кеңештин ишине эл баа берет. Анткени парламентте эл тарабынан шайланып келишкен өкүлдөр отурат. Бирок Жогорку Кеңеште ар бир чакырылыштагы депутаттар өзүнүн милдеттерин аткарууда. Эл өкүлдөрүнүн ишине баа берүүдө мурдагы жана кийинки чакырылыш менен гана салыштырылып көпчүлүктүн чечими гана баа берилет. Жогорку Кеңеште 80 жылдын ичинде канча чакырылыш болсо, алардын ар биринин Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүндө өзүнүн орду жана аткарган милдети болгон. Парламентке ар дайым сын айтылат, ошол айтылган сынды туура кабыл алуу менен жакшы чечимдерге баруу керек", - деди Келдибеков.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Парламент өз алдынча эгемендүү бийлик бутагы боло алган жок”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков маанилүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерде парламенттин ролу билинбейт деген пикирде.

“Тилекке каршы, жалпы Кыргыз парламентине биз жогорку баа бере албайбыз. Маанилүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерде парламенттин ролу билинбейт. Парламент өз алдынча эгемендүү бийлик бутагы боло алган жок. Ар бир келген президенттин саясий куралы, мамлекет башчылардын жеке кызыкчылыгын ишке ашырып берүүгө жардам берген бийликтин кичинекей бөлүгү катарында келе жатат. Өзүнүн миссиясын аткара алган жок. Учурдагы парламенттин эле эмес, кээ бирин кошпогондо жалпы парламенттин ролу төмөн болууда. Мисалы, легендарлуу парламент анча-мынча күчтүү болгон. Андан кийинки эки палаталуу парламент болгондо мыйзам чыгаруу палатасында жеткиликтүү деңгээлде оппозиция болуп өкмөттүн, бийликтин кээ бир туура эмес иштерине каршылык көрсөтө алган. Тарыхыбызда эки жолу ушундай убакыт болду. Калган учурдагы парламенттердин бардыгынын ролу, мааниси, күчү жок болууда. Азыркы Жогорку Кеңеш алсыз парламенттердин катарына кирет. Негизги миссиясын аткара албайт, президенттин айтканынан чыга алышпайт.
Жакынкы жылдарда мамлекеттин башкаруу моделин өзгөртүү керек. Президенттик бийликти жоюп, парламенттик башкарууга, премьер-министр башкарган мамлекетке өтүү зарыл. Ошондо парламенттин ролу өзүнөн-өзү кескин түрдө күчөйт”, - дейт Жээнбеков.

БЕКНАЗАРОВ: "Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин иши чабал болуп жатат"

Саясий ишмер Азимбек Бекназаров бүгүнкү күндө парламенттин иши чабал болуп, алгылыктуу идеялар айтылбай жатканын билдирди.

"Парламентаризмди өнүктүрөбүз деп умтулуп, 27 жылдан бери аракет кылынууда, ошого жеттикпи? Тилекке каршы, бүгүнкү күндө деле президенттик башкаруудагы мамлекетте жашап жатабыз. Парламентте ой, идея айтылбай жатат. Айтылса дагы эске алынбай жатат. Батыштан келген эксперттердин кеңеши менен реформа жүргүзүлүүдө. Жогорку Кеңеш өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек. Депутаттарды конституциялык реформага барууга чакырам. Алар эч кимге көз каранды эмес экенин көрсөтүшсүн, көрөлү. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин иши чабал болуп жатат", - деди Бекназаров.

САРИЕВ: "Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарын эркин аткара албай, жетеленме болуп жатат"

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеш кээ бир иштерге көбүрөөк убактысын коротуп жатканын айтты.

"Жогорку Кеңеш - коомдун күзгүсү. Анткени парламентте отурган эл өкүлдөрдү коом шайлаган. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарын эркин аткара албай, жетеленме болууда деген катуу сындар айтылып жатат. Бул чындык. Кээде парламенттин ичинде саясий оюндар да болуп кетүүдө. Эл өкүлдөрү өздөрүнүн ишине тиешеси жок айрым чарбалык маселелер менен көбүрөөк алектенип кетишүүдө. Ал эми президентке парламенттин ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө болот, бирок үстөмдүгү болбошу керек. Үстөмдүк парламенттин өзүнөн дагы аныкталат. Эгерде популисттик мыйзамдарды алып, чарбалык иштерге кийлигишип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап турса, албетте, бул жерде оңдоо-түздөө иштери талап кылынат", - деди Сариев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан