КҮНСОБОЛ: ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан миллиарддаган доллар инвестиция тартып, экспортун жогорулатууда. Аталган биримдикке кирген Кыргыз өлкөсүнүн колун эмне байлап жатат?

Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапары менен Ташкентке барган. Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Борбордук Азиядагы алгачкы атомдук электр станциянын курулушун баштап беришти. 11 миллиард долларга бааланган станцияны "Росатом" компаниясы курат.

SUPER.KG порталы "ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан миллиарддаган доллар инвестиция тартып, экспортун жогорулатууда. Аталган биримдикке кирген Кыргыз өлкөсүнүн колун эмне байлап жатат?" деген собол салды.

МАМАТАЛИЕВ: "Инвестиция тартуу боюнча шарттар көп, ошону колдонуу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев инвестиция тартуу үчүн ЕАЭБдин эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.

"Инвестиция тартуу үчүн бизге эч нерсе тоскоолдук болбойт. Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин ичиндеби же ичинде эмеспи, инвестиция тартуунун буга эч кандай тиешеси жок. Инвестицияны ЕАЭБде болуп туруп деле тартса болот. Кытайдан инвестиция тартса болот. Бул маселе боюнча өкмөттүн иши жакшы жүрбөй жатат. Өкмөт орчундуу маселелерди көтөрүп, инвестиция тартышы керек эле. Шарттар көп, ошол шарттарды колдонуш керек. Мамлекеттин даражасын көтөрүшүбүз керек. Көп ишкерлер Өзбекстанга кетип жатат. Анткени Өзбекстанда текшерүүгө мораторий киргизилген. Инвестиция тартуу үчүн Кыргыз өклөсү коңшу мамлекеттерге окшоп иш алып барышы керек", - дейт Маматалиев.

СУРАБАЛДИЕВА: "ЕАЭБге Орусия айткан шарттар менен эле кирип алганбыз"

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева ЕАЭБдеги өкүлдөрүбүз Орусияга кызмат кылып, чыныгы миссиясын унутуп калган деген пикирде.

"ЕАЭБге кирерден мурун ойлонуу керек эле. Москвага барып, Орусия айткан шарттар менен эле кирип алганбыз. Эми эч нерсе жасай албай жатабыз. Армения жакында эле “ЕАЭБ менен келишпей жатабыз” деп айтып чыкты го. Бизде орус тили - расмий тил. Ошондой эле аталган өлкө менен тарыхыбыз байланышканы менен экономикалык жактан кыйналып жатканыбыз чындык. Көптөн бери “ЕАЭБдеги өкүлдөрдү чакыргыла, кандай маселелер болуп жаткандыгы боюнча маалымат алалы” деп талап коюп келе жатабыз. Алар келишсе бул маселени тармактык комитетте карамакпыз. ЕАЭБдеги өкүлдөрүбүз Орусияга кызмат кылып жатышкандай. Ал эми Өзбекстандын ири инвестицияларды тартып жатканына жетекчисинин алмашканы таасир этсе керек. Жаңы президент келгени үчүн башка мамлекеттер кызыгып жатат. Алар экономикалык жактан кескин кадамга баруу аракетинде. Эми кандай жыйынтык болорун алдыда көрөбүз. Албетте, Өзбекстан менен Орусиянын саясий алакасы жакшырды, экономикалык алакасы эми билинет. Бизде болсо саясий туруктуулук жок болуп жатканы үчүн инвестиция тартылбай жатат. Бир жылда эле өкмөт башчылар алмашып кетип жатат да", - деди ал.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Орусиядан кайра-кайра каражат, учак сурай берип деңгээлибизди төмөн түшүрүп алдык"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, буга объективдүү жана субъективдүү себептери бар.

"Объективдүү жактан карасак, Өзбекстандын калкы 30 миллиондон ашуун. Экономикалык тил менен айтканда, өлкө чоң базар болуп эсептелинет. Элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү биздин өлкөбүздүкүнө салыштырмалуу бир топ жогору. Өзбекстандын ички ресурстары күчтүү: газ, мунай, айыл чарба продукциялары, өнөр жайы. Мурдагы Советтер союзунун республикаларынын ичинен Беларустан кем калбайт. Ошондуктан Орусия үчүн Өзбекстан өнөктөш жана базар катарында аябай пайдалуу. Кыргыз Республикасы тууралуу айтсам, биз кичинекей элбиз. Элибиздин сатып алуу мүмкүнчүлүгү аябай төмөн.
Субъективдүү себеп - биздин бийлик Орусиянын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө улут кызыкчылыгын бекем коргой албай келген. Буга азыркы эле бийликти күнөөлөөгө болбойт. Биздин бардык президенттерибиз улуттук кызыкчылыкты коргой албай, Кремль эмнени айтса ошону аткара берип, кайра-кайра туура же туура эмеспи учакты, акчаларды сурай берип, өзүбүздү төмөнкү деңгээлге түшүрүп алдык. Ошон үчүн Москванын Кыргыз бийлигине болгон мамилеси бир аз жериген, теңсинбеген болуп жатат", - деди Жээнбеков.

АБДЫРОВ: "Бизде кызмат талашуу болуп жатса, кайдагы өнүгүү болмок эле"

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун негизиндеги 47 техникалык регламентти киргизип койсок, ЕАЭБге киргенде күчтүү болуп, атаандаштыкка туруштук бермекпиз деген пикирде.

"Ошондуктан алар 8 атомдук электр станцияны куруп, дагы энергетикалык дараметин жогорулатып, электр энергиясын сатышат.

Кыргыз мамлекети 1998-жылы эле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Бул уюмга киргенибиз менен эч жыйынтык да, майнап да чыккан жок. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун негизиндеги 47 техникалык регламентти киргизип койсок, ЕАЭБге киргенде күчтүү болуп, атаандаштыкка туруштук бермекпиз. Биздин ишканалар жакшы иштеп, товарларды экспорттомок. Бирок анын баарын иштеткен жокпуз. Анан ЕАЭБге кирдик, ал жерде 35 техникалык регламент бар. Аны деле бүгүнкү күнгө чейин ким эмне кылып киргизип жатат? Айыл чарба продукциясы баягы эле бойдон Орусиядан кайра кайтууда. Майда ишканалар иштеп, чоң көлөмдөгү продукцияларды иштете албай кыйналып жатабыз. Мамлекет көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, майда ишканаларды бириктирип, чоң көлөмдөгү продукцияларды иштетип чыкса жакшы болмок. Ошондо экспорттук дарамет жогоруламак. Орусиянын министри картошканы же башка продукцияны үзгүлтүксүз, ай сайын миңдеген тонналап экспорттосок алыша турганын айтты. Өзүбүз аракет кылышыбыз керек. Бизде кызмат талашуу болуп жатса, кайдагы өнүгүү болмок эле", - дейт Абдыров.

САРЫБАЕВ: "Бизге келген инвесторду өкмөт да, бандиттер да, эл да тоноп жатат"

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Кыргыз өлкөсүндө мыйзам иштеп, эл эмгектенгенди үйрөнмөйүнчө инвестиция келбейт деген пикирде.

"Өзбекстан - экономикалык жана аскердик потенциалы жогору Орто Азиядагы эң алдыңкы өлкө. Алар биз сыяктуу мүлкүнүн баарын таратып, жок кылган эмес. Өзбекстанда Тогуз-Торо районундагыга окшоп инвесторлорду талап, тоноп жибербейт. Бизде демократия дегени менен, тартип, тынчтык жок болуп жатат. Өзбекстанда болсо мыйзам иштейт, эли ишке жөндөмдүү. Бул Орусия үчүн завод, фабрика курууга ыңгайлуу. Орусия үчүн Өзбекстан Ооганстанга таасир берүүчү буферлик аймак. Бул мамлекетке Кытай, Орусия эле эмес, АКШ да чоң баа берет. Эли иштөөнү каалап турат. Мындай артыкчылыктар менен Өзбекстандын 30-40 миллиард долларлык келишим түзгөнү кадыресе көрүнүш.
Учурунда "Ислам Каримов акмак" деп кыйкыра беришчү. Мыйзамга өзбекстандыктарды Каримов көндүргөн. Эми алар анын эмгегин иш жүзүндө көрсөтүп жатышат. Коррупцияны жоюп, иштегенди үйрөнсөк, бизге да инвестиция келет. Азыр кытай келсе да, казак келсе да тонойбуз. Инвесторду өкмөт да, бандиттер да, эл да тоноп жатат.
Президенттер инвестиция боюнча сүйлөшөт дейли, бирок бизде ички механизм туура эмес болуп жатпайбы. Кытайлар эми Өзбекстан, Казакстанга көңүл буруп, бизди унута баштады. Керегибиз жок болуп калды. ЕАЭБден пайда табуу үчүн уюштуруу иштерин жакшыртып, лабораторияларды куруу зарыл. Ошондо гана бул биримдиктен пайда алабыз", - деди Сарыбаев.

АТТОКУРОВ: "Премьер-министр улам бир салыкты ойлоп таппай, сыртка чыгып, инвестиция тартышы зарыл"

Эксперт Азамат Аттокуровдун пикиринде, ЕАЭБ - Орусиянын колундагы саясий биримдик.

"Биз да ЕАЭБге кирбей эле соода кылсак болот. "Бул биримдикке кирбесек мигранттар кыйналат" деп коркутушкан эле. ЕАЭБ 10 жылда жоголот. Ал экономикалык эмес, саясий негизде түзүлгөн. Эркин соода боюнча товар жеткирип, иштей берсек жарашмак. Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан жана Орусия да мүчө. ЕАЭБ - Орусиянын колундагы саясий биримдик. Азыр Орусия менен иштешүүдөн баары баш тартып жатышат. Ал өлкө ракеталары менен коркутуп, Түндүк Корея менен достошуп, тентек баладай түр көрсөтүүдө.
Эми Орусия Өзбекстанды кызматташ кылайын деп жабышып жатат. Бул инвестициялардын максаты ошол эле. Өзбекстанда курулуп жаткан атомдук электр станциясы Азия чөлкөмү үчүн кооптуу. Иштетүүдө маселе чыкса чоң көйгөй жаралат. Анын курулуп бүтүшү да азырынча күмөн.
Өзбекстан жабык өлкө болчу. Либерал президент келди деп баарынын кызыгуусу артты. Аталган өлкөдөн жакында эле келдим. Күндө форум болуп, мыйзамдар тынымсыз алмашып, мамлекет жаңыланып жатат. Жакынкы 10 жылда Өзбекстан Орто Азияда лидер болот.
Бизде болсо экономикага премьер-министр жооптуу. Инвестиция тартуу ошонун иши. Ал ички базардан акча издебеши керек. Улам бир салыкты ойлоп таба берсе көмүскө экономика өсөт. Сыртка чыгып, инвестиция тартышы зарыл", - деди Аттокуров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан