Быйыл апрель айында Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга айына 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөө киргизилген. Өткөн аптада Москва шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Анда кыргыз тараптан чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок эч кандай чечим кабыл алынбай, бул маселе Евразия өкмөт аралык кеңешинин кийинки жыйынында карала турган болду.
SUPER.KG порталы "Орусия Кыргыз өлкөсүнө акча которууга киргизген 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөөнү күчүндө калтырды. Бул ЕАЭБдин экономикалык эмес, саясий максатта түзүлгөнүнүн далилиби?" деген собол салды.
ЖАПАРОВ:"Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга чектөө киргизгенде эле Тышкы иштер министрлиги нота жөнөтүшү керек болчу"
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров акча которууга чектөө киргизүү туура эмес деген пикирде.
"Орусия күчүнө таянып, өзүнүн кызыкчылыгын көздөй бергени туура эмес саясат. Ошондуктан биз катуу талаптарды коюшубуз шарт. Мындай болбошу керек. Бир тараптуу чектөөлөр такыр болбошу зарыл. Мындан ары маселе чечилбей турган болсо, бул биримдиктен чыгып кеткенибиз туура болот. Мындай чектөөлөр экономикалык биримдиктерге катуу сокку берет. Чектөө киргизилгенде эле Тышкы иштер министрлиги нота жөнөтүшү керек болчу. Азыр президент, премьер-министр дагы бул маселени көтөрүп жатат", - дейт Акылбек Жапаров.
АСКАРОВ: "Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга чектөө киргизгенде эле Тышкы иштер министрлиги нота жөнөтүшү керек болчу"
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров бул маселени ЕАЭБдин курамына кирген бардык мамлекеттер караш керек деген пикирде. "Жакында премьер-министрлердин жыйыны өттү. Учурда макулдашуу жүрүп жатат. Бул маселени бир гана Орусия менен Кыргыз мамлекети чече албайт. ЕАЭБдин курамына кирген бардык мамлекеттер караш керек. Алардын макулдашуусу болушу шарт. Былтыр 9 айда Орусиядан Кыргыз мамлекетине 1 миллиард 400 миллион доллар акча которулса, быйыл 1 миллиард 200 миллион доллар каражат которулду. Айырма 200 миллион доллар болуп жатат. Бул албетте, чоң акча каражаты болуп эсептелинет", - дейт вице-премьер-министр.
БАКИРОВ: "Орусиянын Кыргыз өлкөсүнө акча которуу боюнча чектөөнү калтырганы биз үчүн дагы күтүүсүз болду"
Вице-спикер Мирлан Бакиров ЕАЭБ алкагында тең укуктуулук сакталбай жатканы байкалып турат деген пикирин айтты. "ЕАЭБге мүчө мамлекеттери үчүн бардык шарттар тең укукта болушу керек. Буга негизинен капитал жүргүзүү, жарандардын кирип-чыгышы жана соода-сатык кирет. Алсак, башка өнөктөш өлкөлөр үчүн конкреттүү 100 миң рубль деген чектөө коюлган эмес. Чектөө болсо дагы мындай аз суммада эмес. Мен билгенден Арменияда акча которуу суммасы бир топ эле жогору. Жакында Бишкек шаарында Евразиялык экономикалык аймактын өкүлдөрү катышкан отурумда дагы бул маселе көтөрүлгөн. Ал отурумдан кийин дагы ушундай чечим кабыл алынганы мен үчүн дагы деле түшүнүксүз болуп жатат. Бул жерде тең укуктуулук сакталбай турганы байкалып турат. Эми биздин жарандар үчүн маанилүү болгон бул маселе кайрадан көтөрүлөт", - деди вице-спикер.
ЖАМАЛДИНОВ: "Премьер-министр Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которуу боюнча чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрдү. Бул маселе эми каралса керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов бул маселе эми каралса керек деген оюн билдирди.
"Бул маселе боюнча премьер-министр Орусияга барып, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынында акча которуу боюнча чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрдү. Менин оюмча, бул маселе эми каралса керек. Күтүп туралы. Чектөөнү албаган болсо, биз жакка жылыштар болбой жатат деп айтсак болот", - дейт депутат.
МАМАТАЛИЕВ: "Премьер-министр бул маселени чечип келе албаганы өкүнүчтүү"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ЕАЭБге мүчө болгондон кийин эч кандай чектөөлөр болбош керек эле деген пикирде.
"ЕАЭБдин алкагында бизге ушундай чектөө киргизгени туура эмес. Бул маселени премьер-министр барып, чече албай келгени өкүнүчтүү. Мындай чектөө боло турган болсо, баарына бирдей коюлса болмок. Орусия Казакстанга 150 миң рубль көлөмүндөгү чектөө коюп, бизге 100 миң рубль койгон. Негизи ЕАЭБдин алкагында эч кандай чектөө болбош керек. Экономикалык жактан товарды киргизүү жана чыгаруу эркин болушу шарт. Ошондуктан биз бул биримдикке киргенбиз. Бул чектөөнүн саясий жагы да бар экени сезилип калды. Маселе премьер-министрдин деңгээлинде чечилбей турган маселе экени байкалды. Президенттер чече турган маселе экени белгилүү болду", - дейт Маматалиев.
ЖЭЭНБЕКОВ: "ЕАЭБден бир гана Орусия утуп жатат"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, ЕАЭБден бир гана Орусия утуп жатат. "Акыркы жылдардагы экономикалык изилдөөлөргө таяна турган болсок, ЕАЭБден бир гана Орусия утуп жатат. Бизге окшогон кичинекей өлкөлөр утулуп жатат. Бюджет, салык, бардык жагынан уттура баштадык. Анткени биз кичинекей өлкөбүз. Биримдикке кошулууга даяр эмес болчубуз. Биз Орусия менен атаандаша албайбыз. Ошондуктан биз утулуунун гана үстүндө болуп жатабыз. Орусиядан 100 миң рублга чейин гана акча которуу боюнча чектеп коюу бул ЕАЭБ бир гана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөйт дегенди түшүндүрөт. Адам акчасын кайсы жакка которгонго өзүнүн укугу болушу керек. Орусия бул укукту чектеп, өздөрүндө гана калтырууга аракет кылып жатат. Ошондуктан бул саясий максатты, бир мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн уюм экенинин далили болуп эсептелет. Биз 2014-жылы биримдикке кирүүгө каршы чыккан саясатчылар бул бир тараптуу гана саясий келишим экенин айтканбыз. Ошонун баары бүгүнкү күндө далилденип жатат", - дейт Жээнбеков.
БАКИР УУЛУ: "ЕАЭБге кирүү саясий чечим болгон, себеби саясат - бул экономиканын уландысы"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу мамлекеттик маанилүү келишимдер кабыл алынып жатканда эки тараптын тең саясий кызыкчылыктары болот деген ойдо. "Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында ЕАЭБге кирүү жөнүндө келишимдерге добуш берүүдө 7 депутат каршы болгонбуз. Андан кийин мыйзам биринчи жана экинчи окууда кабыл алынып жатканда, ага каршы болгон 3 гана депутат калганбыз. Ошол кездеги өкмөттүн мүчөлөрү "союзга кирүүнү колдош керек, себеби биздин мигранттарга жеңил болот, уруксатсыз, квотасыз, патент албай эле иштей беришет" дешкени эсимде. Ушул жүйөнүн негизинде мен дагы акыры келишимди колдоп берген элем. Албетте, саясат - бул экономиканын уландысы болуп эсептелет. Эгер башында айтылган максаттар эске алынбай, кызматташуу бир тараптык болуп жатса, анда экинчи тарапка ал жөнүндө биздин өкмөт эскертип, чара колдонууга милдеттүү", - деди Бакир уулу.
"Менин оюмча, Орусия акча которуу боюнча чектөөлөрдү коюп жатат ЕАЭБден чыгыш керек, нота жөнөтүш керек" деген пикирлер туура эмес. Мамлекеттик деңгээлдеги маселеге келгенде бардыгын мыйзам чегинде, кызуу кандуулукка алдырбай чечиш керек. Бул жерде бардык нерсени ЕАЭБге байланыштыра бербеш керек. Анын алкагында мамлекет өзү эч чектөөсүз которууларды жүргүзө берет. Бул мыйзам жеке жактарга гана тиешелүү. Ал эми лимит боюнча, ал ар бир мамлекеттин акча которуу индексине жараша коюлган. Азыр бул жагдайдан чоң маселе жасап, саясатташтырып жиберүүнүн кереги жок", - деди ал.