Өзбекстандын аскерлери Кыргыз өлкөсү менен чектешкен Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп киргени Кыргыз жарандарын нааразы кылган. Мындан улам эки тараптын пикир келишпестиги орун алган. Адегенде Кыргыз бийлиги Араван районунда абал тынч деген маалыматты таратып жатты. Эки күндөн кийин гана өкмөт кеңири маалымат жарыялоого аргасыз болду. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын айланасындагы Кыргыз өлкөсүнө караштуу 400 гектар жер аянты дыйканчылыкка ыңгайлуу жана айылга жакын болгондуктан, Өзбекстандын Гүлбаар айылынын жанындагы жер тилкеси менен алмашылып жатканын, бирок документ иштери бүткөнү менен, практикалык иштер аягына чыга электигин айтып, түшүндүрмө берген. Мунун айынан коомчулукта чек арага байланыштуу тактоо иштери элге ачык айтылбай, жашыруун жүргүзүлөт деген талкуунун тегерегинде сын-пикирлер күч алды.
SUPER.KG порталы "Чек араны тактоо иштерин элден жашыруун жүргүзүү туурабы?" деген собол салды.
ИСАЕВ: "Элден жашыра турган нерсе жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев элге тийиштүү нерсени бийлик катпай турганын айтты. "Элден жашыра турган эч нерсе жок. Мамлекеттүүлүктүн коопсуздугуна байланыштуу купуя да сырлар болуп калышы мүмкүн. Атайын мыйзамдар бар. Элге тийиштүү нерсени бийлик катпайт, жашырбайт. Бардыгы ачык болот", - дейт Канат Исаев.
МОМБЕКОВ: "Жергиликтүү эл чек ара маселеси кандайча чечилип жатканын билиши керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөт элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу деген пикирде.
"Жеке пикиримди айта турган болсом, жергиликтүү эл чек ара маселеси кандайча чечилип жатканын билиши керек. Анткени буга чейинки Каркыра, Үзөңгү-Кууш дагы элдин макулдугу жок өтүп кеткендиктен бир топ нааразычылыктар бар. Азыркы күндө кошуналар менен болгон жер алмашуулар бардыгы ачык өтүшү керек. Ачык өтпөсө жергиликтүү эл бул маселени кайра-кайра көтөрө берет. Алар "бул ата-бабабыздан калган тарыхый жер болчу, эмне үчүн өкмөт жерди өткөрүп берип койду" деп нааразы болушат. Өкмөт "жерди бербейбиз" деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элдин макулдугун алып туруп делимитация, демаркация маселесин чечиши шарт", - дейт Момбеков.
ТУРСУНБЕКОВ: "Чек ара маселесин элден жашыруу мүмкүн эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков билдиргендей, элге талаш жерлер боюнча маалымат ачык берилиши керек.
"Чек ара маселесин элден жашыруу мүмкүн эмес. Элге талаш жерлер боюнча маалымат ачык берилиши керек. Канча жашыруун болсо да ачыкка чыгат. Чек араны тактоо маселеси кандай чечилсе дагы элге ачыкталышы керек", - дейт Турсунбеков.
НУРБАЕВ: "Жергиликтүү бийлик чек ара маселеси кандай чечилип жатканын ошол жердеги элге түшүндүрүшү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев чек араны тактоо иштери боюнча жыйындар жабык каралышы керек деген пикирде. "Негизи чек ара маселеси жабык каралганы туура. Кээ бир маселе ачыкка чыкпашы керек. Анткени эки мамлекеттин ортосунда сырлар бар да. Жергиликтүү бийлик маселе кандай чечилип жатканын ошол жердеги элге түшүндүрүшү керек. Ошондо мындай түшүнбөстүктөр чыкпайт эле", - дейт Нурбаев.
КЕЛДИБАЕВ: "Чек ара маселесин тактоо иштерин жүргүзүп жатканда Кыргыз элинин ызыкчылыгы жогору турушу керек"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев белгилегендей, чек араны тактоо иштери жашыруун болбошу керек.
"Кыргыз мамлекети укуктук, демократиялык өлкөбүз. Демократия деген элдин бийлиги дегенди түшүндүрөт. Элдин бийлиги дегенден кийин эл бардык маселени билиш керек. Чек ара маселесин тактоо иштерин жүргүзүп жатканда кыргыз элинин кызыкчылыгы жогору турушу зарыл. Бардыгы коомчулукка белгилүү болушу керек. Чек араны тактоо иштери терең изилдениши шарт. Чек араны тактоо ишин жүргүзүп жаткан өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссияга элдин нааразычылыгы бар. Комиссияга мамлекет үчүн күйгөн, патриот мүчө болушу абзел. Мурда "Алга Кыргызстан", "Ак Жол" партияларында жүргөн адамдар аталган комиссияга кирип кеткенинен зээниң кейит. Ошондуктан комиссиянын курамын карап чыгуу мезгилдин талабы", - дейт Төлөгөн Келдибаев.