Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында 4-декабрга караган түнү жыл башынан бери төртүнчү ирет өрт кырсыгы катталды. Ый менен таңды тоскон соодагерлер учурда өрттүн калдыктарын тазалоо менен алек.
Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, өрттүн кесепетинен орто эсеп менен 40ка жакын соодагер жабыркаган. Алардын басымдуу бөлүгү товарларын, ага сарпталган каражатты насыяга алгандарын айтууда.
Үн-сөзсүз ыйлап, маңдай тер менен жылдап чогултулган акчага алган товары күл, кара көөгө айланганына ичи ачышкан Уулкан эже көпкө чейин жолдун четинде көз жашын аарчып турду. Жанына басып барганыбызда гана күйүтүн айтып жеңилдегиси келдиби, терең үшкүрүнүп "Кудай сактасын! Бизде өрт болбойт" деп иштеп келгенин айтты.
"Акыркы 4 жылдан бери жынсы шымдарды, күрмөлөрдү сатып келгем. Түндө кошуналарым "өрттөнүп жатат" деп чалды. Түнкү 1де бул жерге келсем, эч нерсе калбаптыр. Анын үстүнө бизди ичине киргизбей койду. Жакында эле уулумдун атынан 500 миң сомго насыя алган болчубуз. Жекшемби күнү 32 миң сомго жынсы шымдарды алып келип контейнерге койгом. Андан сырткары толтура күрмөлөрүм күйүп кетти, жайкы кийимдер да бар болчу. Эми эмне кылам? Эч нерсем калган жок! Бир тыйыным жок калдым!" - дейт ызаланган Уулкан эже.
Анын айтымында, буга чейин базар ичинде өрттөн жабыркагандарга эч кандай жардам берилген эмес.
"Эч нерсем калган жок, баары күйүп кетти" дейт жарым миллион сомго жакын товары күйүп кеткен Элчибек мырза.
Дагы бир соодагер баарын жоготконун айтып ыйлап жатты. Аны сооротууга бир топ бейтааныш адамдар жана анын жанында иштегендер дагы аракет кылды, бирок ал басылган жок.
Белгилей кетсек, 4-декабрга караган түнү "Ош базарында" өрт чыккан. Өрт чыкканы тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына саат 23:39дар чамасында келип түшкөн. Аймактык тескөөчү кечээ базар жабык болгонун жана өрт чыккан аймакта ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.
Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнүн кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.