13-март күнү төрөлгөн адамдар жоопкерчиликтүү, чынчыл болушат. Ошондой эле сырткы келбетинен жылмайып жүргөн, шайыр адамдай көрүнгөнү менен, ичинен ойчул, токтоо болушат.
Булар башкаларга салыштырмалуу эмгекти сүйгөн, күчтүү адамдар болгондуктан ар бир ишти кылдаттык менен жасап, жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Анткени булар кандай жумушта иштебесин майын чыгара жасап, бат эле ийгилик жарата алышат. Аракетинин артында карьералык тепкичте тез эле жогору көтөрүлүп, алдыга умтулуп, ийгиликтүү адамдардын катарын толуктай алышат.
Ушул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе идеалист болушат. Табышмактуу, сырдуу адам болгондуктан ичинде болуп жаткан көйгөйүн, сырын эң жакын адамдарына гана айтат.