Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы: "Өмүрбек Текебаев 2020-жылы февраль айында жатак-абакка которулат"

"Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев 2020-жылы февраль айында жатак-абакка которулат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Өмүрбек Текебаевдин буга чейинки абакта отурган күндөрүн эсептөө менен аны жатак-абакка которуу сунуштамасын берүү мөөнөтү 2020-жылы 10-февралда келет. Тиешелүү документтерди абактын администрациясы даярдайт. Февраль айында жатак-абагына чыгып, андагы шартка ылайык, келишим түзүлүп жумасына бир жолу келип, каттоодон өтүп турат", - деп билдиришти мекемеден.

Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып 8 жылга эркинен ажыратылган. Анын камалышына негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан