Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган Сапар Исаковдун жана дагы 7 аткаминердин иши боюнча соттук уктуруу өтүүдө. Соттук уктуруу жабык өтөрү белгилүү болду.
Учурда соттун имаратынын алдында айыпталуучулардын жакындары, тарапташтары топтолуп турушат. Алар соттон адилеттүүлүктү күтөрүн айтышат.
Кочкор районунан келдим деген Сапар Исаковдун тарапташы анын жол киресине эч ким акча төлөп бербегенин, жаш саясатчынын келечеги үчүн күйүп өзү келгенин айтты.
"Мен бул баланы кичинекей кезинен бери эле билем, үй-бүлөсүн да билем. Мекенчил жигит. ЖЭБди жаңылоо ошол учурдун башкы талабы болгон, мындан улам ал жаңылоо үчүн аракеттерди көргөн. 5 ай өкмөт башчы болуп иштеп 9 айдан бери камакта жатат. Соттук кароолор аябай созулууда. Исаков чет тилдерин билет, чет өлкөгө барып деле иштесе болмок, бирок ал Кыргызга кызмат кылгысы келген", - деди ал.
2018-жылы 29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, 5-июнда камакка алынган.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.