Мээрбек Мискенбаевдин жубайы: "Жолдошум эртең менен сурак берүүгө кеткен боюнча жок"

Социалдык түйүндө Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев жана анын орун басары Амантур Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалганы жазылууда.

Бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталына экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин жубайы "жолдошум эртең менен сурак берүүгө кеткен боюнча жок. Байланышка дагы чыга элек" деп билдирди.

Анын айтымында, Мискенбаев бир нече күндөн бери сурак бергенге барып жаткан.

Былтыр июнь айында "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат чыккан.

Буга чейин былтыр март айында Мээрбек Мискенбаев "президенттин иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай парламенттеги депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун" деген талапты койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
suyor
2019-01-25 14:52:41
Ушул кабар чын болсун, муну давно камаш керек эле
+9
Kairat1996
2019-01-25 15:53:27
suyor,
Мен президент болсом биринчи кезекте Асылбек Жээнбековту камап салмакмын.
0
Skarlett-Skarlett
2019-01-25 16:50:48
Kairat1996,туура айтасыз,булар да каалашынча талтандай баштады.
+1
Erik2018
2019-01-26 11:47:35
Kairat1996,Асылбек Жээнбековдо эмне бир жериңи сайгылап жатабы анда эмне күнөө. Анын атоого акың дагы жок. Ал деген оз милдетин так аткарып жатат. Сендейлер ичтен иритип ушактарды жазып жатат
+1
Dembele84
2019-01-25 14:52:48
ХХХХ жагынам деп ар кимге тийишип,крышасынын астында оз каалагандай жеп журду,эми ошону толой турган мезгил келди окшойт.
+8
Nurik1988
2019-01-25 14:55:29
Ошондон ары 18 жылдан кийин келсе экен ХХХХХ жанына чакырып алсын
+8
Benazir08
2019-01-25 15:12:59
Камагыла Садырды чыгаргылаачы сураныч. Мелисти алып келгиле Бабановду бийликке аралаштыргыла
+8
Dembele84
2019-01-25 15:46:10
Benazir08,Атамбаев менен Мискенбаевди камап,анын ордуна Жапаровду чыгарып Мелисти чакырып анан Бабановду вообще саясатка аралаштырбаш керек !
+8
Busi06
2019-01-26 14:25:07
Benazir08,Бабановду сууга чылап ичесинби эмне? Анын Ким экенин дагы эле биле элек болсонор али жаш экенсинер,Бабанов ал Кыргызга сут кылбайт
-3
Erik2018
2019-01-25 15:19:30
Мискенбаевге эмне жок. Ал деген жеткен жегич. Биринчи Көмүр боюнча жооп берип койсунчу.
+6
AIA-TOO
2019-01-25 15:36:27
Булдагы камалатко.
+4
Nursbaike
2019-01-25 15:38:30
Журот да келжип озунчо понт чечер булдагы
+4
Dembele84
2019-01-25 15:49:46
Мискенди камап анын ордуна Жапаровду чыгарып,бизге иштеп бер деп окмоттон бир орун берсе иштеп бермек Кочкоровго окшоп.
+5
Erik2018
2019-01-25 15:51:15
Мискенбаев эмне болмок эле ал деген сурак берчү иштери көп. Ошого бардык былык иштери териштирилип чыгышы керек.
0
Kamchy-bek
2019-01-25 16:41:31
Булбулдай сайрап атса керек...
+1
bekhaliev
2019-01-25 17:01:01
Черный кассада жургондурда
+1
munar1980
2019-01-25 17:30:17
Туура болуптур жон жургон эмес да ошого чакырып суралып жатат жон жургон адамдарды эч ким суракка алган жок ко эгерде куноосу далилденсе колу менен кылган нерсесин мойну менен тарсын.
+1
Ka2sr1
2019-01-25 18:04:53
Жээнбековдон эч кандай умут жок.
0
Erik2018
2019-01-26 11:49:29
Ka2sr1,Жээнбеков келгенден бери өлкөдө өзгөрүү болуп баштады. Бир катар аткаминерлер камалып, жегендерин ал кыла албай кусуп жатат. Атамбаев болгондо баары тайраңдап кетмек.
0
tynara81
2019-01-26 05:20:07
Суперге арызданган аялы окуса экен ушул комменттерди...
0
Snejana
2019-01-26 21:31:11
Бул киши дагы бир байкуш экен да. Тынч эле журбойбу. Атамбаевдин убагында жакшы эле талтандады, ошону унута албай атат окшойт. Бул кишини бироо оз пайдасына пайдаланып атат. Жээнбеков колунан келишинче иштеп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан