2 адамдын өмүрүн алган Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан дагы 1 бала каза болду

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы жол кырсыгынан каза болгондордун саны 3кө жетти. Мындай маалыматты Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Балыкчы-Ананьево-Каракол жолундагы жол кырсыгынан BMW Х7 жана Lexus ES 300 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. BMW Х7 унаасын 1996-жылы туулган Х.Э. аттуу бала башкарып келе жаткан. Ал эми Lexus ES 300 унаасын 1995-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Б.Н. башкарып келе жаткан. Ал жолдун ортосунан бурулуш жасайм деп кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен Lexus ES 300 унаасынын айдоочусу, андан тышкары 1995-жылы туулган Д.Н. жана Б.Б. аттуу 2 жүргүнчүсү каза болгон. Ал эми К.Б. аттуу жүргүнчү Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды", - деди маалымат кызматынан.

BMW Х7 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алган эмес. Жол кырсыгы 7-июлда Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде орун алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chungyz
2019-07-08 22:58:37
Жакшы иш болпобтур
+1
Nur777
2019-07-08 23:36:36
Жаткан жерлери жайлуу болсун...
+1
Mikra
2019-07-09 07:27:34
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Ажалдан амал качып кутулбайт тураа.жакындарына сабр сабр.
+1
Aikaaaa
2019-07-09 10:17:36
Бул жерде БМВ ны башкарып бара жаткандар бир чиновниктин баласы экен деп жатышат. Күнөөнү каза болгондорго оодаруу аракети көрүлүп жатат деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан