Баткен облусунда эки унаа сүзүшүп кетип Өзбекстандын 5 жараны каза болуп калды

Баткен облусунда эки унаа сүзүшүп, Өзбекстандын 5 жараны каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыктады.

Маалым болгондой, кырсык 28-январь күнү саат 20:30 чамаларында Ош-Исфана жолунун 207-чакырымында болгон. Анда 51 жаштагы И.М. аттуу Өзбек жараны Дэу Нексия унаасы менен Ош облусуна баратып рулду башкара албай каршылаш тилкеде келаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен сүзүшкөн. Мерседес-Бенц унаасын 25 жаштагы О.У. аттуу Кыргыз жараны айдап бараткан.

Кырсык болгон жерде Дэу Нексияда бараткан 53 жаштагы У.Ф., Ф.У. аттуу эки жүргүнчү жана унаанын айдоочусу каза болуп, 53 жаштагы С.А. жана С.З. аттуу эки жүргүнчүсү алган жаракатынан улам облустук ооруканада каза болгон.

Баткен облустук милициясы тарабынан бардык тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө иштери башталды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jake91
2019-01-30 15:16:16
Жакындарына Сабыр берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан