24-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталганы маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен 8 адам жабыркаганын Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирген.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 25-ноябрга карата жабырлануучулар тууралуу билдирүү жасады.
"Кырсыктын кесепетинен жалпысынан 13 адам жаракат алган. Алардын үчөөсү (алардын бири кичинекей бала) жеринен каза болсо, бир жабырлануучу ооруканага бара жатканда жан берген. Дагы бир жабырлануучу Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Учурда Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө баш мээсинен катуу жаракат алган бир жабырлануучу эс-учун билбей жатат. Абалы өтө оор деп бааланууда.
Ушул эле оорукананын Травматология бөлүмүндө 3 бейтап жатат. Ал эми 4 жабырлануучу медициналык текшерүүдөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн", - деди маалымат кызматынан.