"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери 18 миң 600 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта маалымат жыйынында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
"12-февралдан тарта ишке кирген "Копсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкекте жана Чүйдө 27 аппараттык комплекс орнотулду. Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча 15-беренеге өзгөртүү жана 11-беренеге толуктоо киргизилди. Бул долбоордун негизги максаты - адамдардын өмүрүн сактоо, кырсыктардын санын азайтуу болуп саналат.
12-февралдан бери катталган жол эрежелерин бузуу фактысы боюнча айып пул салынбайт. Себеби аппараттар тесттик режимде иштеп келген. Ал эми 4-марттан тарта жол эрежесин бузгандарга "бакыт каттары" жөнөтүлө баштайт", - деди ал.