Жол кыймылынын эрежелери менен кодекстин ортосундагы карама-каршылыктарды кайра иштеп чыгышты. Эми белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоонун чакырымы азайтылды

4-марттан баштап Эреже бузуулар боюнча кодекске киргизилген толуктоолор күчүнө кирди. Ага ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 10 чакырым ашкан айдоочуга 1 миң сом айып пул салынат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын расмий баракчасында жарыялангандай, аталган толуктоолор 21-февралда кабыл алынган.

Буга чейин эреже бузуунун тизмесинин арасында 6-пункт жол эрежелерине каршы пикирди жаратып келген.

Анда: "Белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымдан ашырып айдаган жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат. Ал эми ошол эле белгиленген ылдамдыктан саатына 40 чакырымдан ашырып айдаган жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат", - деп жазылган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №421 токтомундагы жол кыймылынын эрежелеринин 10.1 пунктунда төмөнкүлөр жазылган:
"Айдоочу транспорт каражатын белгиленген чектөөдөн ашпаган ылдамдыкта айдоого тийиш, мында кыймылдын ыкчамдыгын, транспорт каражаты менен жүктүн өзгөчөлүгүн жана абалын, жол жана метеорологиялык шарттарды, жүрүп бараткан багыттагы айлананын көрүнүшүн эске алуусу керек".

Муну менен жол кыймылынын эрежелеринин жана административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршылык орун алып келген.

Жаңы толуктоолорго ылайык, аталган карама-каршылыктар жоюлуп, төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

1. Белгиленген ылдамдыктан саатына 10 чакырымдан 20 чакырымга чейин ашкан айдоочуга 1 миң сом айып пул салынат.

2. Белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымдан 40 чакырымга чейин ашкан айдоочуга 3 миң сом айып пул салынат.

3.Белгиленген ылдамдыктан саатына 40 чакырымдан 60 чакырымга чейин ашырып айдаган айдоочуга - 5 миң 500 сом айып пул салынат.

4.Белгиленген ылдамдыктан саатына 60 чакырымдан жогору айдаган айдоочуга 7 миң 500 сом айып пул салынат.

Айдоочу айып пулду салынган күндөн тарып 15 жумушчу күндүн ичинде төлөсө, айып пулдун көлөмү 50 пайызга кыскарат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
boston___
2019-03-05 13:40:51
эми баары талапка жооп бергидей болуптур озгортуулор
-3
Bars88
2019-03-05 13:47:36
Камеранын жанында баары эле жакшы айдайт.Анан жолдон кармагандарды гаинин эле чонтогуно тушуп атпайбы
0
Aza17
2019-03-05 14:56:52
Bars88, Камера жок жер деле жакшына эрежени бузбай айдасан гаинин чонтогуно тушпойт
0
Aza17
2019-03-05 15:18:34
Бир айда 10 жолудан ашык эреже бузган айдоочулардан экзамен алып отпой кулап калгандарын кайрадан окутуу к.к.
Озунуздор байгакандай бизде Негизги жол. Жол бошот. деген белгилерди билбеген айдочулар толтура. Аларды кайра окутуу к.к
+1
talant87
2019-03-05 20:37:19
40 белги болсо 50 ылдамдыкка келсен штраф жазбайбы
0
Chungyz
2019-03-05 20:42:27
Ал жакта олтурган специалистер жол эрежесин жакшы билбей озгортуп жаткандан кийин кыскасы акыбалыбыз оорлошуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан