"Бишкек ЖЭБиндеги кырсык жетекчилеринин кесипкөй эместигинен болгон", - деген пикирин мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.
"Жети от казан менен кышка даярдыктан өтүү бул абдан катаал. Биз 14 от казан менен кышка кирчүбүз. Буга чейин деле от казандар жарылган учурлар болгон. Бирок минтип жылуулук жеткирбей калган учурга чейин жеткен эмес. От казандар 1960- жылы курулган. Алар деле чарчап бүткөн", - деди экс-премьер.
Сатыбалдиев ЖЭБдин кепилдик мөөнөтү бүгүн да аягына чыга электигине токтолуп, калган кемчиликтерди бүтүртүп алууга өкмөттүн толук мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.