SUPER.KG порталынын SUPER TV бөлүмү жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын тартуулайт.
Эсиңиздерде болсо, буга чейин атактуулар бийик жардан секирип тобокелдикке барышкан. Кийинки этапта ырчылар Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип, квест ойноп чыгышкан. Ал эми ырчы жигиттерден турган 2 топ пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ишке ашырышкан. Ошондой эле жылдыздар чоң көлөмдөгү үйлөнгөн шарларды кийип алып бампербол оюнунда күч сынашкан. Андан соң эки командага бөлүнгөн атактуулар суу оюндары жана тоскоолдук тилкесинде таймашкан. Ал эми соңку ирет жылдыздар калаадагы оюн-зоок клубдарынын биринде кызуу күч сынашып, андан кийинкисинде шаардык муз аянтчасында хоккей ойношсо, көп өтпөй тоо-лыжа базаларынын биринде кышкы спорт оюндары боюнча күч сынашкан.
Бул ирет ырчылар Ильяз Андаш, Залина Касымова, Айпери Сыдыкова, Клара Алибекова, "Жебе" тобунун мүчөсү Кумар Сагын уулу, алып баруучу, шоумен Манас Алыкулов баштаган жылдыздар спорт аянтчасында баскетбол ойношту.
Алгач катышуучулар "Каймактар" жана "Сулуулар" деген эки командага бөлүнүштү. Андан соң баскетбол боюнча таймаш башталып, ага 10 мүнөт убакыт берилди. Бул аралыкта катышуучулардын көбүн бат эле чарчап калганын байкадык. Ал эми аталган оюндун түрү боюнча Кумар Сагын уулу менен Залина Касымова башкаларга салыштырмалуу күчтүүлүк кылганы көрүнүп турду. Экинчи оюнда команданын ар бир катышуучусу бир-бирден топту шакекчеге киргизүүнүн айласын көрүштү. Ал эми үчүнчү оюнда эстафета түрүндө бир бутту көтөрүп алып чуркап, шакекчеге топ киргизүү керек болсо, соңку оюнда команданын бир катышуучусун экинчи катышуучу бутунан кармап, жер менен бастыруусу кажет эле. Бул оюндарда ким жеңишке жеткенин жана таймаш кандай кызыктар менен коштолгонун жакында SUPER TV`дан көрө аласыздар.