Ысык-Көл облусунун Тоң районунда таш жүктөп бара жаткан унаа жол кырсыгына учурап, эки адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 11-апрелде саат 11:20 чамасында Тоң районундагы айылдардын биринде болгон.
"Жүк ташыган унааны 29 жаштагы М.Ж. аттуу жаран айдап бара жатып, рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен унаа оодарылып кеткен. Натыйжада айдоочу кырсык болгон жерде каза болуп, жүргүнчү катары кетип бара жаткан 40 жаштагы М.А. Тоң районунун ооруканасында каза болгон. Учурда тиешелүү иш-чаралар көрүлүп, кызматкерлер иш алып барышууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.